Бүгүн Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бөбөктөргө арналган майрамдык салтанат өттү. Анда балдардын билим борборунун (БББ) мугалимдери, ийрим мүчөлөрү менен бирдикте балдарга жомок, ыр-бий тартуулашты.

Майрамга бала бакчалардын тарбиялануучулары дагы катышты



Балдардын билим борборунун окуучулары майрамдык маанай тартуулашты

Борбордун бий ийриминин мүчөлөрү


Мугалимдер жана окуучулар кумурска тууралуу жомокту көрсөтүштү



Балдарга арналган майрамда борбордун мугалимдери дагы ыр белек тартуулашты
Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдорү жана «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү куттукташты.

Жумадилла Жапаров -балдарды куттуктоодо райондун акими

Улан Шерипбеков Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары(солдо экинчи), Каныбек Эсеналиев РББББсы (солдо биринчи) жана жаштар уюмунун өкүлдөрү

Блдардын билим борборуна интерактивдүү такта жана проектор тапшырылды

Жаштар уюмунун өкүлдөрүнө РБББ жана БББ тарабынан Ыразычылык кат тапшырылды

Канат Исаевге ыраазычылык кат тапшырылууда

Азамат Жакыповго дагы балдар билим борборуна көрсөткөн демөөрчүлүгү үчүн ыраазычылык кат тапышырлды
Жаштардын өкүлдөрү балдардын билим борборуна атайын белек тапшырышты. Ал эми райондук билим берүү бөлүмү жана балдар үчүн майрамдын уюштуруучулары тарабынан грамота тапшырылды.
Майрамдык салтанаттын соңунда Баетов айыл өкмөтү тарабынан балдарга бекер балмуздак таратылды.
Барчын Мамытбекова