Кулатов айыл аймагындагы Т. Айбашев мектебинде «Жаш сүрөтчү-2022 сынагы болуп өттү. Сынакта 6-7- класстын окуучулары көркөм чеберчилиги жана сүрөт тартуу өнөрү боюнча күч сынашты. Сынакты биология жана сүрөт мугалими Айлар Дарбишова уюштурду.

Сынакка катышкан окуучулар

Уюштуруучу Айдар Дарбишова
«Бүгүнкү сынакка терминдер, тартылган сүрөттөрдүн жанрлары, пластилин менен иштөө, ташка сүрөт тартуу, түстүү кагаз менен иштөө, кахуут жана зипкрейт программасы аркылуу суроолорго жооп берип жатышты. Бул сынак жыл сайын мектебибизде жаш сүрөтчүлөр арасында өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы «Жаш сүрөтчү» конкурсу 5 жашка толуп олтурат. Бүгүнкү майрамга айыл депутаттары, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышышты. Алар келечек муундарыбыздын таланттарына күбө болушуп, аларды баалап өз ойлорун айтып өтүштү.
Катышкан окуучуларыбыз «Жаш сүрөтчү», «Чебер колдор»,»Эң мыкты сүрөтчү», «Мыкты сүрөтчү» номинациялары жана белектер менен сыйланышты.
Сынак концерттик программа менен коштолду. Сынакты колдогон демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз!»

Окуучуларга сыйлык берип жаткан учур

Сүрөт тартып жаткан учур
Чынара Көчкөнбаева