Кулатов айыл өкмөтүндө 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш чара болуп өттү. Иш чарага аялуу катмардагы 6-15 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. 40 окуучуга жайкы лагерге жолдомо берилди. Балдар бакчага айыл өкмөт тарабынан 60 миң сом акча каражаты бөлүндү.
Жолдомо жана акчалай белек берилип жаткан учур
Концерттик кече
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов:
«Бүгүнкү иш чарага 5-15 жашка чейинки аялуу катмардагы балдар катышты. Иш- чарага айыл өкмөт тарабынан эч кандай акча бөлүнгөн жок. Концерттик программа даярдалып, көрсөтүлдү. Бул иш- чарага цемент заводунун техникалык директору келип катышып кетти. Ар бир окуучуга 2миң сомдон берип, каалоо- тилектерин айтты. Иш- чарага келген 40 окуучуга «Жайкы лагерине» жолдомо беришти. Июнь айларында балдар 10 күндүк жайкы эс алууга барышат. Балдарды коргоо күнүнө карата айыл өкмөт тарабынан балдар бакчаларга 60миң сом акча бөлдү».
Иш чарага келген ата-эне Гүлмира Абдыкадырова
«Мен бүгүнкү иш- чарага кызымды алып келдим. Иш- чара жогорку деңгээлде өттү. Маанайыбыз аябай жакшы. Кызыма «Жайкы лагерге» жолдомо алып кубанып жатабыз».
Чынара Көчкөнбаева