Акталаадагы №4090 участкада жалпы шайлоочунун саны 1765 болсо, саат 11.35 те 265 жаран добуш берген. Ал эми жалпы район боюнча добуш бергендердин саны саат 10.00дө 6% гана түздү. Ал эми шайлоо тилкесинде биринчи жолу шайлоого катышып жаткан 18 жаштагы Акылай жана Чолпонай биринчилерден болуп добуш берип, урнага биринчи бюллетенди салышты.
Ак-Талаа районундагы шайлоо участкалары талапка ылайык саат 8.00дө де байкоочулардын, ардагерлердин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылып, КРнын Мамлекеттик Гимни ойнолду. №4090 шайлоо тилкесинде райондун акими Сейтек Кулубаев жана ардагер аксакал Жайлообай Абдиев куттуктоо сөз сүйлөштү.
“КРнын ЖКне депутаттарды шайлоо башталды. Шайлоону тынч, ынтымакта өткөрүп алалы. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болуп, элибиз аман эсен, бейпил турмушта жашасын. Ар бирибиз өзүбүз тандаган татыктуу талапкерге добушубузду берип, келечек үчүн салым кошолу”.
Андан сон биринчи жолу добуш берүүгө келген 18 жаштагы Акылай Алмазбекова жана Чолпонай Кумарбековага Ардак грамота тапшырылып, урнага биринчи бюллетень салышты.
Добуш берүүгө келген жарандардын ар биринин дене табы текшерилип, беткап жана кол каптар берилип жатат. Ошондой эле антисептик каражаттар коюлуп, келгендер санитардык нормага ылайык көзөмөлдөнүп жатат.
Шайлоо тилкелери, комиссия мүчөлөрү антисептик каражаттар менен камсыз болушкан.
Кочкор: №4150 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды
Барчын Мамытбекова