Ак-Талаа районундагы айрым шайлоо тилкелеринде урналар бюллетендерди кабыл албай (сканер), шайлоочулар үчүн бир топ ынгайсыздыкты жаратты. Күтүүсүз жагдайлар үчүн кошумча урна шайлоо тилкелерине коюлган эмес.
Кезек күткөн эл
Тактап айтканда, добуш берүү башталгандан 1 саат 22 мүнөт өткөндө бюллетень салуучу урна бюллетендерди кабыл албай, эл кезек күтүүгө туура келди.
Белек Байышбек уулу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Белек Байышбек уулунун айтканына караганда аппараттардын баары текшерүүдөн өткөн. Бирок бүгүн айрым шайлоо тилкелеринде урналар бюллетендерди кабыл албай, ыңгайсыздыктарды жаратууда.
Урнанын сканери алмашылгандан соң, добуш берүү улантылды.
Акталаада добуш берүүгө келген элдин агымы жай
Барчын Мамытбекова