Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында АРИС долбоору ишке кирип жатат. Азыркы учурда Нарын облусу боюнча 4 долбоор ишке ашууда. Айыл элинин ватсап группасында онлайн талкуу жүрүп, кийинки добуш берүү онлайн форматта болору белгиленди.
Эльмира Токоева Кочкор районунда АРИСтин коомчулуктун технологияларын колдоо боюнча эксперти болуп иштейм.
АРИС-бул Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги. Коммерциялык эмес уюм. 2003-жылы Президенттин жарлыгы менен уюшулган. Быйыл октябрь айында уюшулгандыгынын 20-жылдыгын белгилейбиз. 20 жылдан бери республиканын баардык аймактарында бир нече долбоорлорду ишке ашырып келген.
Азыркы учурда Нарын облусу боюнча 4 долбоор ишке ашып жатат. Алар азыркы биз иш алып барып жаткан айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (ковид-19 жооп кайтаруу) долбоору (АИД-3 КК), «Таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоору, «Жылуулук менен камсыздоо» долбоору, «Рынокту жеткиликтүү жакшыртуу» долбоору.
АИД-3 аркылуу буга чейин бизде бир нече долбоорлор ишке ашкан.
Covid-19 дeн кесепеттерин жоюу үчүн дуйнөлүк банк 17 миллион доллар каражат бөлүп берген.
Ушул дүйнөлүк банк тарабынан берилген акча каражаты төрт областтын ар бир айыл аймагын инвестрациялоонун үчүнчү кошумча каржылоо долбоору ишке ашып жатат. Бул Нарын облусу, Чүй облусу, Ысык-Көл облусу жана Талас облусу. Ушул төрт облустун ар бир айыл аймагына үч критерийи менен бөлүнгөн. Биринчиси бул калктын санына жараша, экинчиси жакырчылык деңгээлине жараша, үчүнчүсү райондун борборунан алыстыгына жараша. Ошол акча каражаты сиздердин Чолпон айыл аймагына калктын санына жараша жана үч критерий менен 95миң доллар бөлүнүп жатат. Бул бөлүнгөн акча каражатты социалдык багыттагы жана экономикалык багыттагы долбоорлорго жумшасак болот.
Буга чейинки биздин айылды инвестицалоонун үчүнчү долбоору конкурстук негизде ишке ашчуу. Айыл аймактары конкурсттук сунуштарды даярдап, облустук деңгээлде конкурсттук комиссиялар карачу. Азыр болсо социалдык багытта жана Covid-19дун кесепеттерин жоюу максатында гранд түрүндө келип жатат. Мисалы үчүн оңдолбогон ФАПтарды оңдоп, жаңы салууга, жылуулоого, ичине жабдуу алууга же болсо кошумча корпус курууга жумшасак болот. Андан тышкары бала бакча менен мектептердин санитардык гигиеналык абалын жакшыртуу жана жылуулоого жумшасак да болот. Андан тышкары, экономикалык долбоорлор бизде атайын АРИС тарабынан жалданган компания облусттук деңгээлде анализ жүргүзүп, ошол анализдин жыйынтыгы менен райондо кайсыл багыттагы кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрсө болот деген жыйынтык чыгарып келген. Ошол жыйынтыктын негизинде район боюнча эт багыты, сүт багыты, бал, кол өнөрчүлүк, туризм, катуу таштандыларды иштетүү, эксперттик борборлорду ачуу, дан эгиндери сафлор деген кошумча нарк чынжырчаларын чыгарып берген. Ошол боюнча долбоорлорду ишке ашырсак болот.
Аяна Эрланова, Асема Сүйүндүкова