КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна кирген Ак-Талаа районундагы 14 мектепке 294 компьютер, 84 проектор, 14 3в1 принтер жана компьютердик мебелдер менен берилди.
Тактап айтканда, райондогу Э.Мейманов, И.Молдобаев, Б.Календеров, Н.Жыргалбекова, М.Базаркулов, М. Балбаков, С.Жусупбаев, Э.Карасартов, Ш.Бейшеналиев, М.Баетов, Ж.Сатылганов, С.Атамбеков, Байымбет, А.Турдакунов атындагы орто мектептеринин ар бирине 21 даана компьютер, 6дан проектор жана 1даанадан принтер менен камсыз болушту.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда аталагна техникалык жабдыктарды мектептерге окуучулардын билим сапатынын жогорулашына, ПИЗА эл аралык сынагына даярдоого жана электрондук китепкана уюштуруу максатында берилди.
“Ошондой эле райондун мектептеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого карата жасаган эмгеги үчүн “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун координаторлоруна, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Улан Эсенбековичке ыраазычылык билдиребиз”,- деди.
Барчын Мамытбекова