Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү фермерлердин демилгеси жана айыл өкмөттүн көмөгү менен асыл тукум кочкорлордун көргөзмө фестивалы болуп өттү. Фестиваль малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында райондук деңгээлде уюштурулуп, ага бардык айылдардагы фермерлер, тийиштүү адистер жана сырттан келген меймандар катышты.
Ак-Талаа райондук айыл чарба жана агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы Уланбек Казиевдин маалыматына караганда фермерлер жасалма жол менен уруктандыруу, сандан сапатка өтүү, экологиялык таза азык өндүрүү жана малдын асылдуулугун жогорулатуу менен жакшы баада сатып, киреше алуу боюнча кеп-кеңештерди алышты.
Ошондой эле козу кочкор, эки тиш кочкор жана чон кочкорлор арасында сынак өткөрүлүп, жыйынтыгында ээлерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.
Барчын Мамытбекова