Ак-Талаа районундагы Баетов айылында футбол тренери, “КРнын дене тарбиясынын отличниги” жана “КРнын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгилеринин ээси Жыргалбек Байсеркеевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир уюштурулду. Алгач өзү эмгектенген спорт мектебинде ачылуу аземи болуп, туугандары, футбол ышкыбоздору, агайдын окуучулары, айыл аксакалдары жана район акими Жумадилла Жапаров менен Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев катышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышып, турнирди ынтымакта жана ийгиликтүү өткөрүүгө чакырды. Турнирде жалпы 16 команда эки жаш курактагылар- 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан жогоркулар болуп, оюн көргөзүштү.
Турнирди уюштуруучулардын бири, уулу Таалай Жыргалбековдун айтымында Бишкек шаарынан 4, Ат-Башы районунан 1, ал эми Ак-Талаа районунан 11 команда ойноду.
“ 40 жаштан улуу оюнчулар Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев мектебиндеги кичи футбол, 40 жашка чейинки командалар Терек айылындагы футбол аянтчаларында ойношту. Оюнду атабыздын урматына уул-кыздары уюштурдук, байге фондун дагы өзүбүз каржыладык. Турнирди КРнын футбол федерациясынын калытар тобу жетектеди” дейт.
Турнирдин соңунда эки жаш курактагылар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, командаларга акчалай сыйлыктар, кубоктор тапшырылды.
Мындан сырткары, Жыргалбек Байсеркеевдин окуучулары Сапаралы Орозалиев, Курманбек Абакиров дагы демөөрчүлүк кылышып, мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Барчын Мамытбекова