Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Intellect Ik» окуу борбору ачылып, ага борбордун негиздөөчүсү Жакшылык Матанов, айыл тургундары, окуучулар, жаштар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Борборду жаш активист Кубаныч Баялиев жана Ильичбек Жакшылык уулунун демилгеси жана идеясы менен ишке ашты.
Борбор кинодирекциянын имаратында жайгашып, анда тез окуу, менталдык арифметика, стекинг спорту боюнча Бишкек шаарындагы «Интеллект» окуу борборунун даяр программаларынын негизинде окутулат. Ошондой эле демилгечилер тарабынан англис, чет тилин жана компьютерди окутуу боюнча курстар да камтылган.
Борбордун ачылышында оюн-зооктор көрсөтүлүп, райондун акими С.Кулубаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев спорт стекинг боюнча жарышка түштү. Ал эми «Калькулятор бала» Арсен Рахымбеков мастер класс көрсөттү. Кубаныч Баялиевдин айтуусу боюнча «Борборду ачуудагы негизги максат билимге инвестиция кылуу, аз болсо да жумуш орундарын түзүү, жаштардын билимин жогорулатуу жана туулуп -өскөн жерге салым кошуу болуп саналат».
Борбордо 5 адам иш менен камсыз болуп, аны Ильичбек Жакшылык уулу жетектейт. Ал эми курстарды Жумакадырова Мөөркан, Асел Мадиева, Абдыбачаев Адилет жана Бурулсун Сейитказиевалар окутат.
Даярдаган: Мөөркан Жумакадырова