Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда ийримдер аралыктан иштеп жатат. Быйылкы окуу жылында 422 окуучу бий, кол өнөрчүлүк, комуз жана башка ийримдерге катышып, аларга 17 мугалим сабактарды кырдаалга байланыштуу аралыктан өтүүдө.
Борбордун жетекчиси Айнура Баязованын айтымында учурда 14 ийрим иштейт.
«Аралыктан окутууда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анткени мектептеги сабактардын жүгүртмөсү менен биздин сабактар дал келип калган учурлар болуп жатат. Ошондой эле айрым окуучулардын ата-энелери жумушта болгон кезде окуучулар сабакка катыша албай калышат. Андай учурда мугалимдер окуучулардын убактысына жараша кайтарым байланыш жасашат. Мындан сырткары бир үй-бүлөдө бир нече бала окуганда дагы телефон талашып калышат. Анткени айылда жашоо-шарт баарында бирдей эмес. Ата-эне үй-бүлөдөгү бардык баласын уюлдук телефон жана бирдик менен убагында камсыз кыла албай калышы мүмкүн».
Ал эми борбордун мугалимдери онлайн сабак өтүп, ийримге жараша бийдин элементтери же, кол өнөрчүлүктүн ыкмаларын же чет тилинен жаңы сөздөрдү видеосабак аркылуу үйрөнүшөт.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылында бала-бакчадагы балдар дагы онлайн окуп жатышат.
Барчын Мамытбекова