Ак- Талаада тизмеден чыгып кеткен шайлоочунун саны так эмес. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа районундагы өкүлү Токтосун Казиев билдирди. Өкүлдүн берген маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмеси болжолдуу, көзөмөл жана акыркы деп үч жолу келет.
“Форма 2 менен так эсебин ала албай жатабыз. Бизде азыр алар 143 деп турат. Акыркы тизме боюнча 22 303 шайлоочу деп такталган. Бирок бюллетенге деп келген тизме боюнча 19 608. Бишкек шаарында жашаган акталаалыктар биздин тизмеде тура берет. Бирок шайлоодо алар жашаган участкасы боюнча форма 2 менен добуш бере беришет”. Ал эми форма 1 менен 153 киши келди”.
Ал эми Кара-Ой айыл аймагынан 225 шайлоочу форма 2 менен чыгып кеткен. Эгерде шайлоочу өзүнүн айылынан форманы толтуруп чыгып кетсе, ал маалымат бизге түшпөй калат деп кошумчалады Токтосун Казиев.
Пандемия шартындагы шайлоого даярдык
Барчын Мамытбекова