Пандемия учурунда айылдагы социалдык маселелер унутта калган жок. Каттоодо турган кары-картаңдар, жалгыз бой энелер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мигранттардын балдары жашаган жана жардамга муктаж үй-бүлөлөр социалдык кызматкерлер тарабынан өзгөчө көзөмөлдөнүп, муктаждыктары боюнча ар дайым кабардар болуп турушту.
Карантин жаңы башталган учурда жогоруда белгиленген категориядагы жарандардын үй-бүлөлөрүнө санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттин эсебинен беткаптар таратылып берилип жатты.
Гүлзина Нураева Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери
Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Гүлзина Нураева:
«Соц кызматкерлер тынымсыз, дем алышсыз иштедик. Илдетке чалдыккан эң биринчи жарандын үй-бүлөсүнө электр плиткасы жана азык-түлүктөр берилди. Күндүзгү стационар уюшулуп, ага кровать, жууркан төшөк жана коргонуучу каражаттар дагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалды. Дарыкана менен жүз миң сомго келишим түзүлүп, дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок жарандарга дарылар алынып берилди жана 46 адам күндүзгү стационарда бекер дарыланды»,- дейт.
Гүлзина Нураева жардам тартуу учуру
Мындан сырткары, айылда үймө-үй кыдырып, сыркоологон жарандар барбы- жокпу көзөмөлдөнуп турду.
Ар кандай демөөрчүлөр тарабынан берилген тамак-аш жана эт азыктары да, жардамдар да социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө даректүү таратылып берилди.
Акталаада мугалимдерге материалдык жардам берилди
Барчын Мамытбекова