Кызыл-Белес айыл аймагындагы С. Атамбеков орто мектебинде жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн заманбап үлгүдөгү футбол аянтчасынын ачылышы болуп өттү.

Жаңы куралган футбол аянты


Футбол аянтын ачуу учуру
Аталган иш-чарага район акими Сейтек Кулубаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, мектеп жамааты, айыл жаштары, тургундар жана курулушка катышкан подряддык уюмдун өкүлдөрү катышты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аянтты ачуу аземинде
Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин берген маалыматына караганда футбол аянтчасынын жалпы сметалык наркы 2 млн 300 миң сомду түзүп, анын ичинен 550. 0 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
“Мектепте деле окуучулар үчүн спорт аянтчасы бар, бирок ал толук эмес. Эми бул жерде айыл жаштары дагы бош убактыларында келип ойноп, ден-соолуктарын чыңдоого өбөлгө болот. Анткени спорт сергек жашоого үндөйт”
Ачылыш аземинен соң аянтчада айыл жаштары футбол ойношту.
Акталаадагы айылдык оорукананын жылуулук системасы демөөрчүнүн жардамы менен оңдолууда
Барчын Мамытбекова
Сүрөттөр: Калыбек Абдиевдики