Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүндөгү айылдык оорукананын жылуулук системасы Америкада иштеп жаткан Аскат Декеновдун демөөрчүлүгү менен жасалууда.
Аталган айылдын жаштары демилге көтөрүп, кышка даярдыгы жок оорукананын жылуулук системасын оңдоо үчүн жарыя кылышкан.
Натыйжада Аскат Дакенов өз каражатына жасатып берүү милдетин алган. Учурда жүз элүү миң сомго керектүү материалдар алынып келинип, иштер жүрүп жатат.
Бекбосун Маратбеков: «Жылуулук системасын ондоо иштерине мындан дагы көбүрөөк каражат сарпталышы мүмкүн. Бирок Дакен атанын үй-бүлөсү, балдары оңдоп-түзөп, ооруканага өткөрүп берүү алдында турат. Ошондой эле эшик-терезелерин алмаштыруу үчүн да айыл жаштары каражат чогултуп жатабыз»,- дейт.
Айылдык оорукананын төрт бөлмөсүндө жылуулук системасы иштейт. Кыш мезгилине жетерлик көмүр отуну түшүрүлгөн. Ал эми калган бөлмөлөрүндө жылуулук жок. Сентябрь айында тиешелүү жетекчиликке оорукананын кышка карата даярдыгын убагында бүткөрүү тапшырмасы берилген.
Буга чейин айылдык оорукана кышка даяр эместиги тууралуу айтылган.
Барчын Мамытбекова