Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жети жылдан бери курулушу токтоп турган спорт зал бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Анын ачылышы аземине айыл аксакалдары, жаштар, тургундар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Мурадил Сыдыков жана Мирлан Самыйкожо, КРнын Курулуш жана архитектура агенттигинин өкүлдөрү жана төкмө акын Азамат Болгонбаев катышты.
Жаңы спорт залдын кызыл тасмасы кесилди
Ачылыш аземге КРнын ЖКнин депутаттары Мирлан Самыйкожо уулу жана Мурадил Сыдыков катышты
Төкмө акын Азамат Болгонбаев элди зор саамалыгы менен куттуктады
Айыл тургундары, жаштар, айыл аксакалдары катышты
Кош -Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Маметов жалпы элди жакшы саамалык менен куттуктап, 36 жылдан бери (1987-ж) бери айылга бир дагы ири имарат курулбагандыгын жана 2015-жылы аталган спорт залдын капсуласы салынганы менен мамлекеттен каражат бөлүнбөй бир канча жыл токтоп турганын кошумчалады.
Жыргалбек Маметов Көш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы
-Бул спорт залдын курулушу айыл эли үчүн бир канча убакыттан бери күтүп жүрүп ишке ашкан зор саамалык. Мында көп адамдын эмгеги бар. Ушул спорт залдан келечекке өлкөнүн атын тааныткан, элге кызмат кылган чыгаан спортсмендер, инсандар өсүп чыксын деген тилегин билдирди.
Андан соң спорт залдын курулушуна салым кошкон бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, Ардак Грамота тапшырды.
Курулуш иштерине салым кошкон жарандарга Ардак Грамоталар тапшырылды
Мындан сырткары айыл аксакалдары, келген меймандар куттуктоолорун айтып, спорт залдын ар дайым, спорт ышкыбоздоруна ачык болуусун жана аны көздүн карегиндей сактоо керектигин баса белгилешти.
Айыл аксакалдары куттуктап, каалоо-тилектерин билдиришти
Жаңы пайдаланууга берилген бардык шарты бар, заманбап спорт залды MS BUILDING жоопкерчилиги чектелген коому курган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, жалпы сметалык баасы 23млн түзүп, 26млн 630миң сомго курулду. Ошондой эле керектүү спорттук инвентарлар менен камсыз болду.
Барчын Мамытбекова