Корчубек Акназаров орто мектебинин 5-6-классынын мугалимдери Мунара Шейшеналиева менен Ренат Чолпонбек уулу “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” изилдөө долбооруна катышып келишти. Гранприни утуп облустук сынакка жолдомо алышты.
Ренат Чолпонбек уулу жана Мунара Шейшеналиева окуучулары менен
Математика мугалими Мунара Шейшеналиева:
“Биз “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” изилдөө долбоорунун негизинде жаратылыштын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо темасынын ичинен табият тартуулаган чычырканак өсүмдүгү жөнүндө теманы тандап алганбыз. Ушул темада чычырканакты башынан аягына чейин изилдеп, учурда чычырканак токоюнун жоголуп кетүү коркунучу турат деп бул көйгөйдү алып чыктык. Чолпондун эли кышында көп эле айылда жумуш жок чычырканакты кыйышып, анын ашын жазап сатып жатышат. Ал тикенектүү болгондуктан терилбейт экен. Ошол себептен аны кыйып, сууга малып, күүп алышат. Россияда чычырканактын жаңы сорту иштелип чыгып жаткандыгы жана анын тикенеги жок мөмөсү дагы чоң болоорун айтышууда.
Ошол чычырканактын жаңы сортунун көчөтүн Кыргызстанга алып келип, Ысык-Көлдө отургузуп жатышыптыр. Биздин токойго ал көчөттөрдү алып келип тигишсе, чычырканак токоюу кыйылбай сакталып калат беле деген максатта ушул теманы тандап таймашка катыштык. Сынакка жалпы 19 мектеп барып катышты. Ал мектептер да жогорку деңгээлде, мыкты даярданып барышыптыр. Биздин айткан долбоорубузду, айылга чычырканактын жаңы сортун алып келүү сунушубузду, ошону менен биргеликте көрсөтмө куралдарыбызды жактырышты да, биз грандпринин ээси болдук.”
Сынак учурунан бир көрүнүш
Сынактын жеңүүчүлөрү
Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова