Ак-Талаа районундагы билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында жаш мугалимдердин кеңеши түзүлүп, бүгүн атайын төш белгилери тапшырылды. Кеңешке райондогу билим берүү мекемелеринде эмгектенген 1 жылдан 3 жылга чейинки эмгек стажысы бар педагогдор мүчө боло алышат.
Кеңештин негизги максаты- жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу, изденүүчүлүк менен өз тажрыйбаларын байытуу жана жайылтуу үчүн алар үчүн арена түзүү. Кеңеште мугалимдер пикир алмашып, тажрыйбалары, ийгиликтери тууралуу бөлүшө алышат.
«Чынында жаш мугалимдер үчун пикир алмашуунун бир чөйрөсү керек эле. Албетте, мектептеги тажрыйбалуу мугалимдерден дагы көп нерсени үйрөнө алабыз. Бирок өзүбүз сүйгөн кесипти андан мыкты, терең өздөштүрүп, заманбап мугалим болгубуз келет. Буюрса, жаш мугалимдер үчун иш-чараларды, окутууларды, ар кандай методикалык жардам алыш үчүн семинарларды уюштуруп, бири-бирибизге колдоо көрсөтөбүз. Биздин билимден өлкөнүн келечеги көз каранды»,- дейт Роза Жумалы кызы.
Бүгүн кеңештин төрайымдыгына Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин мугалими Жумалы кызы Роза, ал эми катчылыгына Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Мөөркан Жумакадырованы бир добуштан шайлашты. Ал эми кеңешти райондук билим берүү бөлумүнөн методист Адилет Абдыбачаев жетектейт.
Акталаалык окуучу кыздар республикалык сынакта жеңүүчү болушту
Барчын Мамытбекова