Бүгүн Акталаа районунда экинчи жолу жаш мугалимдердин “Жаш мугалимдердин жаркын кыялдары” аттуу слету өттү. Слетко билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жаш мугалимдер, мектеп директорлору, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана райадминистрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев катышты.
Каныбек Эсеналиев (солдон онго) Ак-Талаа райондук БББнын башчысы Майрамбек Байшериев райадминстрациянын аппарат жетекчиси
Слеттун катышуучулары
Слеттун катышуучулары
Билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Эсеналиев жаш мугалимдерди слету менен куттуктады:
“Урматтуу жаш мугалимдер жана слеттун катышуучулары! Биз бүгүн экинчи слетту өткөрүп жатабыз.
Негизги максатыбыз, жаш мугалимдерди колдоо, тажрыйба алмашуу жана жайылтуу, аларга методикалык жардамдарды берүү. Бул слетту кырдаалга байланыштуу тар чөйрөдө өткөрүүгө муктаж болуп жатабыз. Жаш мугалимдердин таланты, чыгармачылык дарамети, билими күчтүү жана аракетчил экенин баса белгилегим келет”.
М.Байшермев Ак-Талаа райадминистрациянын аппарат жетекчиси
Ал эми райадминистрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев быйыл Кыргызстан үчүн өзгөчө оор жылдардын бири болгонун жана ага карабастан билим берүү тармагы жаш муундарга билим тарбия берип жатканын жана бүгүнкү слеттун жаш мугалимдер үчүн мыкты тажрыйба болорун айтты.
Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин мугалими Роза Жумалы кызы, Эсенгул Карасартов мектебинен Мөөркан Жумакадырова мугалимдик кесиптеги жасаган иштери, жаш мугалимдер жасап жаткан иштер тууралуу презентация кылышты. Ал эми Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Назира Ибраимова насаатчылык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Роза Жумалы кызы. Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин мугалими
Мөөркан Жумакадырова Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими
Назира Ибраимова Б.Календеров атындагы орто мектебинин мугалими
Агартуу кызматкерлеринин кесиптик уюмунун төрагасы Мирбек Сатындиев жаш мугалимдерди кесиптик бирликке мүчөлүккө кабыл алып, күбөлүктөрдү жана чакан белектерди тапшырды.
Мирбек Саатындиев (оңдон биринчи) Райондук агартуу кызматкерлеринин кесиптик уюмунун төрагасы
Кесиптик уюмга кабыл алуу учуру
Слеттун соңунда резолюция кабыл алынып, анда жаш мугалимдерге чыгармачылык жана кесиптик жактан гана колдоо көрсөтпөстөн, социалдык абалына, турак-жай, жер бөлүү боюнча маселелерине да көңүл буруу жагы белгиленди.
Учурда райондун аймагында 800 дөн ашык мугалимдер, тарбиячылар эмгектенет. Ал эми быйылкы окуу жылында 13 жаш адис мугалимдик ишке кабыл алынган.
Акталаада жаш мугалимдер кеңеши түзүлдү
Барчын Мамытбекова