Ак-Талаа районундагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектеби АРИСтин “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору” аркылуу инвентарлар менен камсыз болду. Аталган айыл өкмөтү тарабынан долбоордун талаптарын аткаруу менен АРИСке сунуш берилген. Натыйжада аталган мектепке 12 даана компьютер, 2 даана ноутбук, компьютердик стол, стул, түстүү принтер, проекторлор ж.б башка бир катар инвентарлар тапшырылды.
АРИСтин Ак-Талаа районундагы эксперти Жаныбек Асылбековдун маалыматына караганда берилген инвентарлардын баасы 699700 сомду түзөт. Мунун ичинен 28755 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн өздүк салымы болуп эсептелет.
“Долбоорду ишке ашырууда айыл өкмөтүнүн жана мектеп жамаатынын, айыл тургундарынын салымы зор. Долбоордун негизги максаты-жалпы өнүгүү жаатында жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу, долбоорлор ишке ашырылган аймактарда социалдык багыттагы обьектилердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу”,- дейт эксперт Жаныбек Асылбеков.
Эскерте кетсек, Буга чейин Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде АРИС аркылуу компьютердик бөлмө ачылган.
Барчын Мамытбекова