Кечээ Ак-Талаа районунун Баетов айылында Болгариядагы эркин күрөш боюнча жаштар арасында өткөн дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган Калмира Билимбек кызын айылдын эли, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, жаштар чоң салтанат менен тосуп алышты.
Болгарияда өткөн мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп, жыйынтыгында 2-орунду алган Калмира Билимбек кызы кечээ спортчулар, жакын адамдарынын коштоосунда кичи мекени Ак-Талаа районуна кайтып келди. Калмираны алгач Нарын шаарында, андан соң Куланак айылында тосуп алышкан.
Мындан соң Ак-Талаанын жергиликтүу бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, туугандары чек арадагы аркадан баалуу белектер менен тосуп алышып, кортеждин коштоосунда Баетов айылына келишти.
Жергиликтүү тургундар Калмираны Тайлак баатырдын эстелигинин жанында кол чабуулар менен зор салтанатта тосуп алышты. Ардагерлердин атынан спорт чебери Мелис Сулайманов куттуктоо сөз сүйлөп, бир кыл куйрук жана жаштардын атынан бир бээ тапшырды. Калмира жана машыктыруучусу, атасы Билимбек Капарбек уулу ыраазычылык билдирди. Балбан кыз жеңишин элине арнаганын айтып, көзүнө жаш алды.
Андан кийин салтанаттуу иш чаранын катышуучулары балбан кызды Дөрбөлжүн аянтына чейин жөө жүрүш менен коштоп барышты. Ал жерден Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров, ЖКнын депутаты Жыргалбек Турускулов , Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кенештин депутаттары жана башка мекеме жетекчилери баалуу белектерди ыйгарышты. Баетов айыл өкмөтү тарабынан Калмирага 100 мин сомдун сертификаты тапшырылды. Ал эми жеке ишкер, “Эм Эс Билдинг” курулуш компаниясынын жетекичиси Мирадил Сыдыков “Форд” үлгүсүндөгү автоунааны белеккке берди.
Эске салсак, Калмира 53 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Ал финалга чейин төрт атаандашын жеңип, кытайлык Жоажин Шиден жеңилип, жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болгон. Аталган медаль бул дүйнө чемпиондугунда кыргыз өлкөсү үчүн эн алгачкысы. Ал эми Калмира Билимбек кызы өлкө тарыхында жаштар арасында дүйнө биринчилигинде финалга чыккан экинчи Кыргызстандык болду.
Даярдаган: Аймырза Муктарова