Кечээ, Ак-талаа райондук маданият үйүндө билим берүү тармагынын мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган сыйлоо аземин райондун акими Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, маданият үйүнүн башчысы Марипа Муканова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев куттуктоо сөздөрү менен аземди ачып беришти. Жогорудагы аземдин жүрүшүндө, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон 2 окуучу, менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадада ийгилик жараткан окуучулар, спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келген жаш спортчуларга билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Мыктыларды сыйлоо аземин төмөндөгү сүрөттөрдөн көрө аласыздар:


«Жылдын мыкты мугалими-2019» сынагы боюнча:
Баш байгени Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Шерматова «Жылдын мыкты мугалими» номинациясына ээ болуп, Ысык-Көлгө жолдомо алды. Ал эми 1-орунга Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин мугалими Сергек Коңурбай уулу ээ болуп, телевизор менен сыйланса, 2-орунду Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин мугалими Жанаркүл Кенжебаева ээлеп, эки кабаттуу керебет жана диплом менен сыйланды. 3-орунду Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Курманбү Кененсариева камсыздап, нан бышыргыч жана диплом менен сыйланды.
«Жылдын мыкты тарбиячысы-2019» сынагы боюнча:
Баш байгени Байгөнчөк айылынын «Байгөнчөк келечеги» бала бакчасынын тарбиячысы Таалайкүл Шабданбекова «Жылдын мыкты тарбиячысы-2019» номинациясына ээ болуп, Ысык-Көлгө жолдомо алды. Ал эми 1-орунду Кызыл-Белес айылынын «Кадыраалы» бала бакчасынын тарбиячысы Айзат Байсабаева диплом жана телевизорго ээ болду. 2-орунду Ак-Тал айылынын «Ак-Тал» бала бакчасынын тарбиячысы Аксана Саадабаева диплом жана эки кабаттуу керебет алса, 3-орунду Баетов айылынын «Алтын муун-Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы Бактыбек кызы Жылдыз камсыздап, нан бышыргыч жана диплом менен сыйланды. Сыйлоо аземи концерт менен коштолуп, абдан кызыктуу өттү.



Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан