2-март күнү Талас мамлекеттик университетинде акын, коомдук ишмер Арзыкан Момунтаеванын “Айтматов жана поэзия” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.
Кечеге Талас облустук медиа борборунун башкы директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун Талас облусундагы бөлүмүнүн башчысы Эрмек Үмөтов, Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов, акындын калемдештери Тойчубек Алишеров, Койбагар Турдумамбетов, Талас облустук билим берүү борборунун жетекчисинин орун басары Борончу Нурматов, “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттер катышты.

Алып баруучу Нурзада Камчыбекова слайд менен кечени ачып, акын Арзыкан Момунтаеваны сахнага чакырды. Акын эжебиз жаңы жазылган ырларынан окуп берди. Автордун обондуу ырлары жаңырып, “Сапат” лицейинин окуучулары “Алтын энекем” аттуу ырды аткарып беришти. Студент кыздар тобу “Саясат саптарында”, “7-Апрель — 7 баатыр” китептеринен алынган ырларды көркөм окушту. Акындын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сүрөт көргөзмөсү да кеченин көркүн ачты.
“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кишимжан Таштекеева, мүчөлөрү Күмүшай Бокотонова, Жамила Токсонова эжелер акындын Апрель революциясында уулдарын жоготкон ата-энелердин арман-күйүтүн тең бөлүшүп, коомдогу болуп жаткан саясый окуяларга айкалыштырып китеп жазганын, коомдук бирикменин активдүү мүчөсү экенин айтышып, Арзыкан Момунтева ыраазычылыктарын билдиришти.

Сөз сүйлөп акындын чыгармачылыгы тууралуу өз ойлорун айтышкан кеченин катышуучулары, Арзыкан Момунтаеванын асыл адамгерчилигин, коомдук иштерге жигердүү катышып, коомдун өнүгүүсүнө, ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баса белгилеп өтүштү.
Адабият алпы Чыңгыз Айтматов Жер эненин ыйын, жан-жаныбар, жаратылыш менен Адамдын камыр-жумур мамилесин, баарыбыз жандуу жаратылыштын бир бөлүгү экенибизди ар бир чыгармасында айтып, адам баласын күн сайын адам болууга чакырган эмеспи. Акын Арзыкан Момунтаеванын ырларында дагы жаратылышты сүйүү, табият менен адамдын алакасы, окшоштугу, бирин бири толуктап тургандыгына чоң маани берилген.

“Азабы көп асыл аялсың,
Аргыштаган аппак маралсың.
Жан отуңа Аалам жылыткан
Жаркыраган жашыл аралсың.
Суусаттырган суудай тунуксуң,
Сууга түшкөн аппак булутсуң.
Кабагыңда күндүн нуру бар,
Кандай пенде сени унутсун.
Аял, аял аппак маралдай,
Ааламда жок теңдеш таба албай.
Тегиз тийген күндүн нурундай,
Деңиз болуп агып барам жай”,-деп, өз ырында жазгандай, айтылуу акын эжекебизге “жаркыраган жашыл аралында” жамгырдай себелеген жакшылыктарды, чыгармачылык жаңы эргүүлөрдү каалайбыз.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова