Сокулук районунун Белек айылынын 85 жаштагы тургуну, акын Чимиян Калдарова 15-марттан кийин жаңы китебин нускамага берет. Ал Белек айылынын тургуну.Жашы 85ке келип калганына карабастан чыгармаларды жазуу менен алек.
Чимиян Калдарова окуучулар менен жолугушууда
Бул тууралуу акын маегинде билдирди:
– Сиз канча жашыңыздан ыр жазып баштадыныз?
– Мен 16 жашыман бери 9-класста окуп жаткандан баштап ыр жазчумун. Анан 9-10-класста жазып жүрдүм, андан кийин 10-классты бүткөндөн кийин, бизди мед институтка жазып койгон, документтерибиздин баарын жиберип койгон. Бирок, ата-энем жибербей коюп, кайра экзамен тапшырбай калып, Жалал-Абаддагы мед училищага окуп калдым. Ошол жылдары Өзгөндүн «Коммунизм баракчасы» деген бир кичинекей газета чыкчу, эки эле барагы бар болчу. Ошол газетага макала берип турчубуз. Мен Өзгөндөн Кыргыз кыздар орто мектебин 1954-жылы бүттүм. Андан кийин мед училищага киргенден кийин Ошто «Ленин жолу» деген газета чыкчу. Ошол газетанын эң акыркы барагында адабий чыгармаларды чыгарчу, ошол газетага дагы ырларымды берип жүрдүм.
Ырларым ыйык- сырларым китеби
–Сизге өзүңүздүн чыгармаларыңыздан кайсы ырыңыз жагат?
– Бардык эле эне өзүнүн балдарын бирин өйдө, бирин ылдый көрмөк беле, чыгармаларымда да ырлардан өзүмө керектүү, жаккан темаларды жазам. Ошол үчүн бардыгы эле мага жакшы көрүнөт. Өзүм жазган ырларымды өзүм окуп койсом, кадимкидей кубанып калам. Мурдагы жазган ырларымды азыр окусам, өзүнчө эле ырахатка батып калам.
Чимиян Калдарованын китептери
–Биринчи ырыңыздын аталышы эсиңиздеби?
– Ооба эсимде, биринчи ырымды «Мен кыргыздын эрке кызы экенмин» деп жаздым эле. Американын бир штатындагы газетага чыккан экен, балдардын өмүр жолу боюнча, балдар кыздар кыйналып, ачарчылык болуп жатканын окуп, анан өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип,Советтер союзунда туулганым жакшы болгон турбайбы ,биз андай кыйынчылык көргөн жокпуз деп, «Мен кыргыздын эрке кызы экенмин» деп жаздым эле. Ушул ырым «Ленин жолу» газетасына басылып чыкты эле.
–Сиз жазган ырлар китеп болуп чыктыбы?
–Мен жазган ырлар 13 китеп болуп чыкты. 1 макала 12си жалаң поэзия, дагы кара сөз менен жазылган балдарга арналган чыгармалар дагы бар. Дагы бир китеп жазгам, нускамага 15- марттан кийин берейин деп жатам. Буйруса жакшы китеп болот. Ошол бардык жашоо жөнүндө болот.
– Ыр жазгандан тышкары кандай кызыгууларыңыз бар ?
–Мен ыр жазгандан башка менин колумдан келбеген эчтеке калган жок деп айтсам болот. Анткени, мен сайманы да сайдым, торду да токудум, курактын түрүн курадым, өзүмдүн балдарыма кийимди өзүм тикчүмүн. Бүт машинанын баары мына азыркы кезге чейин турат. Азыр дагы кээде тигип коём. Кийим тиккен жагынан аябай жакшы тикчүмүн. Чалыма дагы балдарыма дагы чыптама, шым,костюм, кыздарга болсо халат өзүм тигип берчүмүн.
– Окурмандарыңызга кандай каалоо-тилек айтар элеңиз?
–Окурмандарыма, китепти сүйүп окуган окуучуларымдын баарына, ар бир китепти ачып окусаңар, ошолорго каалоом аябай жакшы. Бактылуу болгула, өмүрлүү болгула ошол кыргыздын наркын-салтын жоготпой, мыйзам ченемдүүлүктү, кыргыздын ата- бабасынан бери көкүрөгүндө жазылып келген ыймандуулукту жоготпой жүрүшүн каалайм, ошол жөнүндө өзүмдүн ырларымда дагы жазып жүрөм. Анан пейзаж жөнүндө дагы көп ырлар бар. Ала-Тоого, Ата-Мекенге арналган ырлар аябай көп.
– Дагы кандай кошумчаныз бар?
– Менин айта турганым балдар Американы, чет мамлекеттерди туурап эле ошолордун салтын жанылык кылып, ар бир улутту элге киргизип жатат. Анын пайдасы бар болсо болоор, бирок азыраак зыяны көбүрөөк. Китеп окумайынча болбойт, ар бир окуучу китеп окуганда ошол ырдынбы же повест, кара сөздүнбу ошол маанисине түшүнүп, жан дүйнөсү менен ошол жерде отургандай, ошону аралап жүргөндөй, ошону көрүп тургандай сезим берилет. «Китепсиз дүйнө дүлөй»-дейт ошон үчүн китепти окуган аябай керек.
Асема Аданбаева, Иллияна Барабанова