Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.
Ой-Терскен мектебинин китепканачысы А. Шабданова бул китептер абдан баалуу экенин белгилейт
Бул тууралуу маалыматты Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин директору Руслан Абдылдаев билдирди:
«Биздин айылдан чыккан кыргыз элинин алп акыны Шайлообек Дүйшеев бизге китептерин тапшырды. Райондогу жалпы 21 мектепке, андан тышкары биздин мектептин кыргыз тил жана адабият сабагынын 8 мугалимине, акимге, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына арнап, китептерин берип жиберген. Анда «Агындылардын» 3 тому, ыр жыйнактарынын 3 тому, «Эки дөөнүн күрөшү» жана башка китептери бар экен.
Ой-Терскен орто мектебинин кыргыз тил жана адабият сабагынын мугалимдери
Биз үчүн абдан кубанычтуу болду, себеби, айрым окурмандар «Агындылардын» 2-3 томдорун таппай келишкен. Окуучулар үчүн дагы табылгыс, баалуу белек болду. Акынга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз».
Руслан Абдылдаев Шайлообек Дүйшеевден китептерди алуу учурунда
Эске салсак, Шайлообек Дүйшеев «Агындылар» чыгармасында Ача-Кайыңды айылы тууралуу жазган. Андагы каармандар аталган айылдын тургундары.
Дилназ Кадырова, Айтурган Токтобаева, Асел Үркүнбаева