Алимент төлөөдөн баш тартуу менен ата же эне мыйзам чегинде ата-энелик укуктарынан ажырайт. Ал эми баланын укуктары ата-энесине карата сакталып кала берет. Ата же эне баладан баш тартса дагы, баласы бой жеткенде өзүнө тиешелүү болгон мүлктү алууга укугу бар.
Юристтердин айтымында алимент алууну же алимент төлөөнү жубайлар сотко чейин деле макулдашып, чечишип алса болот. Бирок кандайдыр бир себептерден улам алар бир чечимге келе алышпаса анда алардын көйгөйү сот аркылуу чечилет.
«Жалгыз бой апалар же аталар балдарын багуу максатында алимент алууга сотко кайрылса болот. Ошол эле учурда сотко чейинки деле жолдору бар. Бул эки тарап макулдашып, нотариуска барып, ал жерде мыйзамда көрсөтүлгөн сумманы нотариус менен макулдашып, тастыктап алса болот», — дейт юрист Мирлан Давляев.
Уктурууну толук төмөндө уга аласыздар.
Акылай Алмазбекова