6-сентябрь күнү Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде окуучуларга арзан баада, колдонулган окуу китептердин жарманкеси болуп өттү. Бул иш-чараны мектеп администрациясы окуу китептердин жетишсиз болгондугуна байланыштуу уюштурду.
Жыл сайын окуу жылы башталышы менен окуучуларда китеп жетишсиздигинин көйгөйү, айрыкча орус тилдүү класстар үчүн жаралат. Ошондуктан окуучуларга бүгүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жарманкеге окуучулар, ата-энелер дагы келип катышып, арзан баада китеп сатып алышканы жөнүндө Эльвира Урматова кийинкиге токтолду:
«Менин балдарым Капар Кыдыралиев атындагы мектепте орус тилдүү класстарында окушат. Бирок китеп жетишпейт, ошондуктан бүгүн мектепте жарманке болоорун угуп , балдарыма китеп алып берейин деп келдим. Жыл сайын дүкөндөн кымбат баада сатып берчүмүн, быйыл жакшы иш-чара болуп жатат, арзаныраак китеп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.»
Балдар кызыгуусу менен соодалашып, китеп сатып кайра өздөрүнө жетишпеген китептерди сатып алып жатканы жөнүндө 9 класстын окуучусу Ислам Токтогонов айтып берди.
«Мен бүгүн былтыркы 8 класстагы китептеримди алып келгем. Аларды апам дүкөндөн сатып берген, бирок жөн эле үйдөгү текчелерде турбасын деп арзан баада сатып жатам. Түшкөн акчага кайра китеп алам деп пландаштырып жатам.»
Китеп жарманкесин уюштуруу абдан керек экендиги боюнча Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Гүлшааза Жалгашбекова баяндап берди.
Бүгүн мектепте китеп жарманкеси биринчи жолу болуп жатат. Орус класстарда көп китептер жетишсиз болгонуна байланыштуу жарманке уюштуруу муктаждыгы келип чыкты. Окуучулардын, мугалимдердин суранычы боюнча мектептин алдында жарманке өтүп жатат. Бүгүн сатууга көп керектүү китептерди алып чыгышыптыр.
Канайым Мирланова