Коронавирусту жеңүүнүн жолу эмдөөдөн өтүү экенин адистер айтып келишет. AstraZeneca вакцинасы коронавируска каршы чыгарылган англо-шведдик өндүрүм. Бул вакцина кыргызстанга ченелүү гана өлчөмдө келген. БДССУ тарабынан колдонууга болору тастыкталган.
AstraZeneca вакцинасы эффективдүүлүгү жогору деп бааланат. Аталган вакцина англо-шведдик өндүрүм. Германия, Норвегия, Франция, Испания деген сыяктуу чоң мамлекеттерде эмделип жатканын Биринчи май райондук борборлоштурулган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди:
“AstraZeneca вакцинасы деле башка вакцинанын түрлөрүнө окшош коронавируска каршы иштелип чыккан. Бул вакцина менен 18 жаштан жогорку жарандар эмделет. Аталган вакцина 2жолу жасалат. 1-дозасын алгандан кийин 2-дозасын 4-8 жума аралыгында алуу керек. Вакцина вирустун оор турдө өтүүсүн 100% сактайт.”
“Бул вакцина адана вирустун негизинде жасалган. Колдонуу тажрыйбасы былтыркы жылдын декабрь айынынан баштап мамлекеттерде колдонулуп келет. Коңшу мамлекеттерде Өзбекстанда бул вакцинанын түрү менен эмделип жатышат. Алар 2,5 млн дозада вакцина алышкан.”
Диляра Искакова AstraZeneca вакцинасынын реакциялары деле “спутник” жана “Синофарм” сыяктуу, ийне сайган жердин ооруксунуусуп, баш ооруп, талыкшуу ошондой эле ал кетип шалдыроо мүмкүн. Бирок, бул 1-2 күнгө созулат:
“Вакцина алгандан кийин дененин реакция кылуусу кадимки көрүнүш. Организмге чоочун нерсе кирип жатат да. Анти денече организмге киргенде ал иммунитет иштеп чыгуусу үчүн күрөшүү керек. Мунун натыйжасында организмде дене табынын жогорулашы, сөөктөрдүн оорусу, кургак жөтөл болуусу мүмкүн.”
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында коронавируска каршы AstraZeneca менен эмделген аскер бөлүктүн 90 жоокеринин төртөө вакцинанын тассирине учураганы айтылган бул боюнча дарыгер эмне дейт?
“Ооба, эмдөөдөн кийин 4 жоокер дене табы жогорулап ооруканга жеткирилген. Ал эми калган жоокерлер жөн гана коркунуч деп коебуз ийнеден кийинки коркунуч сезимин башынан өткөрүшкөн. Бул алардын өспүрүм курактан жаңы өтүп жатканына байланыштуу болсо керек. Жүрөктөрү айланып, баштары ооруп, алы кетип жатканын айтышкан. Бирок бул чыныгы реакция эмес, бир күнгө гана созулуп ооруканадан чыгарылган. Ал эми дене-табы көтөрүлгөн 4 бала 3-4 күн аралыгында ооруканадан чыкты бул күтүлө турчу реакция болчу. Мындайча айтканда организмдин өзгөчөлүгү”.
«Качан адам эмдөөдөн өтсө, алар максаттуу оорудан корголот. Иммундук системасын начарлаткан (мисалы, рак же ВИЧ) медициналык шарттары бар же вакцинанын айрым компоненттерине жогору аллергиясы бар адамдар кээ бир вакциналарды ала албай калышы мүмкүн. Бул адамдар эмдөөдөн өткөндөрдүн арасында жашаса дагы деле корголушу мүмкүн».
Адистер коомчулукта көптөгөн адамдар эмдөөдөн өткөндө, козгогучтун таралышы кыйын, анткени ал кездешкен адамдардын көбү иммунитетке ээ болуп калышарын айтышат. Мындан улам, башкаларга эмдөө канчалык көп болсо, вакциналар менен корголбогон адамдар коркунучтуу патогендерге таптакыр дуушар болбойт. Андыктан жамаатык иммунитет маанилүү.
Вакцина тууралуу башка материалдар бул жерде:
Мугалимдер эмдөөдөн өтүп бүтүштү
Аймактарда эмдөө иштери кандай жүрүп жатат?
Коронавирусту жеңүүнүн бирден бир жолу эмдөөдөн өтүү
Айгерим Кубатбекова