8-февраль күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Aмерикалык математикалык олимпиадасынын экинчи туруна жолдомо алган окуучуларына сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыкты Кочкор районунун администрация башчысынын орун басары жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы келип тапшырды.
Англис тили мугалими Айжан Акунова
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Айжан Акунова:» AMO бул- 2022-жылкы америкалык олимпиада. Октябрь айында кагаз жүзүндө офлайн түрдө болуп өттү. Окуучуларга 25 суроо жана 90 минута убакыт берилген. 10 суроосу тест, 5 ачык суроо, 10 суроосу ойлонуп жооп берүү, логикага даярдалган.
Бул олимпиаданын уюштуруучулары: BILIMTECH, STEAM Markets , SASMO, SIMOC билим берүү уюмдары. Олимпиадага жалпы 31 мамлекет, 25363 окуучу катышкан. Биринчи турду Сингапур өлкөсү жыйынтыктап чыгарып беришти. Ошондой эле медалдарды жана сертификаттарды эми алып отурабыз. Нарын облусунан 30 га жакын окуучу катышкан. Ал эми Кыргызстан боюнча 2000 дей окуучу катышты. Анын ичинен 82 алтын медаль, 123 күмүш медаль, 156 коло медалдын ээси болушту.
Корчубек Акназаров орто мектебинде Кыргызстан боюнча алтын медалдын ээлери өтө көп санда, 10 медалист чыкты. Алардын көбүнчөсү 3 жана 5-класстын окуучулары. Анын арасында 9-класстын окуучусу дагы бар. Сынактын экинчи туруна 9 бала жолдомо алды жана ал Дубай, Сингапур өлкөлөрүндө жарым аралда болот. Бул кандай бааланды? Америка менен салыштырмалуу биздин мамлекеттин билим берүүсү бир аз артта калат. Ошол себептүү бир класс ылдый бааланды. Бул олимпиадага окуучулар дагы, мугалимдер дагы абдан жакшы даярданган деп ойлойм.
Окуучуларга белек катары Корчубек Акназаров мектебин бүтүрүп кеткен 2002-жылкы балдары математика, ОРТга даярдануу китептерин беришти. Ошондой эле мектеп тарабынан ата-энелерге ыраазычылык кат, мугалимдерге айыл өкмөтү тарабынан сыйлык тапшырылды. Бул өтө жогорку деңгээлде болуп өттү жана балдар дагы кубанычта болду деп ишенем. Ошону менен бирге эле экинчи турга өткөн окуучулардын мыкты даярдык көрүп, ийгиликтүү кайтышына тилектешмин.»
Мугалимдерге сыйлык тапшыруу учуру
Акылай Болотбекова