Сокулук районунун Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы компьютерлер менен камсыз болду. Жалпы 21 компьютер, 6 проектор жана принтер берилди.
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Сокулук районунун 26 мектептерин компьютер менен камсыздады.
Информатика кабинетине 16 компьютер, 1 принтер көп функциялык, 1 проектор коюлду. Ошондой эле физика, биология, химия, география, математика мугалимдерине да сабак өтүүдө жакшы шарт түзүлдү. Анткени, бул кабинеттерге 1 компьютер жана 1 проектор берилди.
Информатика сабагынын мугалими Назгуль Султаналиева эми сабак өтүүгө ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын айтты:
“Биздин мектепте чоң жаңылык, 2022-2023-окуу жылына карата өкмөт тарабынан компьютердик класска 16 компьютер, 1 проектор орнотулду. Бул мезгилге чейин бизде бир эле компьютердик класс бар эле. Базистик планда бекитилген боюнча информатика предметинде окуучулардын саны 25 же андан көп болсо эки топко бөлүнөт. Ошол үчүн биздин мектепте класстар эки топко бөлүнүп, кезек менен практикалык сабакта компьютер менен иштешчү. Эми азыр 2 компьютердик класс болуп, мугалимдер үчүн абдан ыңгайлуу жана балдардын билимине чоң таасирин тийгизет”.
“Келечек үчүн билим берүү” долбоордун максаты, мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүү, тарбиячылар жана мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу.
Берметкан Исабекова, Баястан Сагынбаев, Раяна Доктурбаева