Сокулук районун Жал айылы Бишкек шаарынан 11 км аралыкта жайгашкан. Айыл тургундары Бишкекке бат- бат каттап турушат. Айрым мектеп окуучулары, студенттер күнүгө Бишкекке келип окушат. Бирок алардын бардыгы унаа каттамынын жетишсиздигинен кыйналып келишет. Айылда №396 маршрут жана №360 автобус каттап турат. Бирок унаалар жетишсиз, багыттары ар кандай болгондуктан айыл тургундарына оорчулук жаралууда.
Маршруттук каттам
Февраль айынан баштап №152 маршрут каттамы башталды. Бирок айдоочулардын айтымында жол кире акысы алардын чыгымдарын актабайт:
“Бизге айыл өкмөт тарабынан жолду оңдоп берсе, элге кызмат кыла беребиз. Ошондой эле жол кире 20 сом болушун мыйзамдаштырса, айыл тургундары колдоп беришсе жакшы болмок. Себеби, машиналарыбыздын тетиктери жолдун начарлыгынан тез-тез бузулуп, оңдоого да кымбат болууда. Жекшемби күнү маршрутканын саны аз болот. Калган күндөрү жакшы жүрүшөт”,-деди айдоочу.
Айыл тургундарынын көпчүлүгү Ош базарында иштеп же соода-сатык кылганы үчүн, аларга маршруттук каттам түз базарга барса деп ойлошот.
Светлана Тилекматова
Светлана Тилекматова Жал айылынын тургуну:
“Мен ушул Жал айылындагы “Кутман” ашкана дүкөнүндө иштейм. Айылга каттап жаткан 152 маршрут каттамы боюнча, элдин оюнда көпкө деле жүрбөйт болуш керек, себеби 50% элдин жолуна туура келсе, 50% туура эмес экен деп айтып жатышат”,-деп оюн билдирди.
Белек Куманов
Айыл тургундары жол кире кымбаттаса деле, токтобой жүрүп турса деген ойдо:
“Менин оюмча маршрутканын жүргөнү элге жакшы болот. Айдоочу катары жолдун оңдолушу, маршрутканын катташы жакшы эле болмок. 8-автобус жүрбөй калганда, шаарда иштегендер, окугандар, мектеп окуучулары кыйналды. Жол кире 20 сом болсо деле мейли. Токтоп калбай жүрүп турушу баарыбызга жакшы”,-дейт Белек Куманов.
Айрыкча кышкысын кечки маалда үйлөрүнө жетүү үчүн айыл тургундары унаа күтүп турууга мажбур болушат.
Алия Исакова, Айпери Кыдыртоктоева, Абай Айткулов