Түп районуна караштуу Тасма айлындагы “Ананай” бала бакчасы жаңы эмеректерге ээ болду. Бала бакчага долбоордун негизинде жаңы шкаф, китеп, стол, парталар берилип, ошондой эле сыртка ойногонго чакан оюнчуктар орнотулуп, даараткана курулду.
“Ананай” баладар бакчасынын тарбиячысы Мадина Абдылдабекованын айтымында, балдар бакчасында эки тайпа бар. Ар биринде 25тен бала тарбияланат.
“Балдар үчүн 3 саат болсо да көп нерсе билишүүдө деген ойдомун. Ошондой эле баарына жеткидей жаңы стулдар, парталар, китептер келди. Эми дагы оюнчук күтүп жатабыз. Азыр оюнчук жетишсиз. Жаңы окуу жылында оюнчуктар, паластар келет өкмөт тарабынан. Азыр болсо кем карчыларын ата-энелери дагы толукташууда, ыраазычылык билдирем. Бул жаңы эмеректер 2015-жылы Кундуз Шалтабаева жазган долбоор ишке ашып, министрликтен кол коюлуп келди. Акырындык менен бары ишке ашып келе жатат”, — деди тарбиячы.
Айыл тургуну Бектемир Алматаев бала бакча учурдун талабына жооп берип, сыртта ойноочу жайы да жакшы орнотулду деген пикирде.
“Балдар бакчасына күнүгө кызым түштөн кийин барып жатат. Ал жактан көп нерселерди, ырларды, бийлерди үйрөнүп, үйгө келип айтып берүүдө. Анан быйыл жаңы сыртка ойноочу оюнчуктар келди. Ичине жаңы парталар келиптир. Ошондой эле даараткана салынды чакан. Бардыгы талапка жооп берген жакшы деңгээлде салынды”, — деп билдирди Алматаев.
Ал эми “Ананай” балдар бакчасынан тарбия алып жаткан Айбийке бала бакчага баруу кызыктуу, көңүлдүү болуп жатканын айтты.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы