Сокулук районунун Жал айылында кар сентябрдын отузунда түшүп, айыл тургундарынын суукка даяр эмес экени белгилүү болду.
Жал айылындагы Мамыралиев мектебинин директору Динара Султаналиеванын айтымында, биринчи кар былтыркыга караганда эрте түшкөн.
“Былтыр 19-октябырда түшсө, быйыл 30-сентябрда түштү. Аба ырайы да кышка даярданууга белги берип жатат”, – деди ал.
Жал айылынын тургуну Сатыбек Исмаилов кардын эрте түшүшүн экологиянын бузулушу деп эсептейт.
“Эрте кардын түшүшү — бул экологиянын бузулушу. Кардын эрте түсүшү мөмө- жемиштердин үшүк алып кетиши. Азыр кышка эч ким даяр эмес”, — деди ал.
Даярдаган: Акыл Манасбек уулу
Редактору: Ууржан Молдокулов