Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде «Эне тилим — эне сүтүм» аттуу таймаш болуп өттү. Бул таймашта 8-9-класстар ат салышты.
Бул тууралуу Кара-Чий жамааттык мультимедиа борборуна М.Иманалиев атындагы орто мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Калмира Исмаилова билдирди.
“Бизидин эң биринчи максатыбыз — өзүбүздүн тилди даңазалоо жана келечек муунга жеткирүү. Бул таймашта кыргыз элинин көптөгөн макал-лакаптары, жаңылмачтары жана ырлары айтылды. Бул иш чарабыз максатына жетти деп ойлойм.”
Жыйынтыгында 8-класстын окуучулары жеңишке жетишти.
Даярдагандар: Аман Шаршенбеков, Токтобүбү Сыргатай кызы