Нарын районуна караштуу Куланак айылында 21-сентябрь «Дүйнөлүк тынчтык күнүнө» карата иш чара болуп өттү.
Иш-чара айылдагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде болуп өттү. Анда окуучулар асфалтька сүрөт тартып, тынчтыктын ырын ырдап, көңүлдүү маанай тартуулашты.
Аралбаев мектебинин математика мугалими Аида Жумабаева:
— Бүгүнкү акция атайын 21-сентябрь “Дүйнөлүк тынчтык күнүнө” карата “Тынчтыкты сактайлы” аттуу девиз менен уюштурулду. Баарыбыз эле билсек керек, көгүчкөн тынчтыктын символу. Ошол себептен көгүчкөндөрдү да учурдук. Менин оюмча бул акция баардыгына жакты деп ойлойм. Себеби бүгүн балдардын жүзүнөн кубанычты гана көрө алдым. Ал эми бул иш чараны уюштурууда эч кандай кыйынчылыктар болгон жок десем жаңылышпайм. Биз бул боюнча ар бир класска тапшырмаларды бөлүп бергенбиз жана алар өз тапшырмаларын абдан так аткарышты.
5-классынын окуучусу Айжамал Журсунбек кызы:
— Бул иш чара көңүлүмө абдан жакты. Окуучулардын бийлегендерин, ырдагандарын көрүп абдан сыймыктандым. Бул иш чарадан мен өзүмө көп нерселерди ала алдым десем болот. Дүйнөдө ар дайым тынчтык болуусун каалайм.
Ал эми бул иш чара концерттик программа менен коштолду. Анын катышуучусу Айсулуу Абдыраимова:
— Мага бүгүнкү иш чара абдан жакты. Биз тынчтыктын символу болгон көгүчкөндөрду учурдук. Андан кийин окуучулардын күчү менен даярдалган иш чарага күбө болдук. Менин кааларым дуйнөдө ар дайым тынчтык болсун. Ар дайым ушинтип тынчтыктын ырын ырдап жүрөт берели.
Биз дагы дүйнөдө тынчтык болушун каалайбыз.
Авторлор: Эркинай Барыктабасова, Рахат Нурбек кызы.