Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан 2-октябрда аталган айылдын карыяларына майрам уюштурулду. Айыл аксакалдары окуучулар тарабынан даярдалган чакан концертке да күбө болушту.
Айыл өкмөттүн кызматкерлери Айгүл Беркутова, Элмир Жамгырчиева, Мунара Шабырбаева келишип, айылдын карыларына каалоолорун айтып, куттуктап, чай уюштуруп беришти. Ал эми Кара-Суу орто мектебинин окуучулары тарабынан карылар үчүн концерт уюштурулду.





Карыларыбыз уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын билдиришти.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы.