Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы бала бакчада 7 айылдан келген наристелер тарбияланышат.
Балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеген Гүлнара Нуралиеванын айтымында, бакчада балдарга орун жетишпей, нормадан ашыкча балдар кабыл алынган.
“Бакча 2001-ишке киришкен, 120 орундук. Азыркы кезде 176 бала бакчага келип тарбияланышат. Бала бакча саат 7:30дан баштап 17:30га чейин иштейт”, — деди ал.
Тарбиячы Динар Рыскул кызы:
— Эртең менен келгенде эртең мененки машыгуу жасашат. Андан кийин эртең мененки тамагын беребиз, анан сабактарды өтүшөт. Түшкү тамакка чейин ар кандай оюндарды ойношот. 12:30да түшкү тамагын берип бүткөн соң уктоого даярданышат. Саат 15:00дө туруп ата-энеси келгенче өзүнө жаккан оюндары ойношот.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактору: Ууржан Молдокулов