Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын ардактуу атуулу, 2004-жылы Бесландагы теракт учурунда барымтадагыларды бошотуу учурунда каза болгон Андрей Велкону достору жана мурдагы кызматташтары эскеришти. Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин дубалындагы Андрей Вельконун урматына коюлган мемориалдык такта, жаш өспүрүмдөрдү патриоттук тарбиялоого көңүл бурдурган, баатырдыктын заманбап үлгүсү катары саналат.
Жыл сайын жергиликтүү мектепте Андрей Велкону эскерүү жыйыны өткөрүлөт. Бул көп улуттуу айыл аймагы үчүн бул маанилүү окуялар болуп саналат. Альфа жана Вымпел бөлүмдөрүнүн ветерандарынын эл аралык бирикмелеринин өкүлдөрү келип Андрей Вельконун урматына коюлган мемориалдык тактанын алдында жыл сайын чогулушат.

Андрей Вельконун урматына коюлган мемориалдык тактанын алдында мурдагы кызматташтары жана жердештери
Айылдаштарынын эскерүүсү боюнча айта кетсек, Андрей Велько 1974-жылы 20-февралда Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен тартып Андрей аскер адамы болууну кыялданчу. Үй-бүлөсүндө чоң атасы жана таякеси өмүрүн аскердик иштерге арнашкан адамдар болгон. Андрей музыкага кызыккан. Музыкалык мектептин скрипка классын ийгиликтүү аяктаган. Ал эми 2016-жылы офицердин ысымы айылдагы балдардын чыгармачылык борборуна ыйгарылган, ал ошол жерде скрипка боюнча билим алган.


Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин дубалындагы Андрей Вельконун урматына илинген мемориалдык эстелик такта
Маалымат үчүн:
2004-жылы 1-сентябрда Түндүк Осетия-Аланиянын Беслан шаарында 30дан ашык адамдан турган террористтик отряд (Расул Хачбаровдун жетекчилиги астында) №1 орто мектептин имаратын басып алган. Алар адамдарды, негизинен балдарды барымтага алышкан. Аларды спорт залда үч күн суусуз, тамак-ашсыз кармашкан. Теракттын курмандыктары 335 адам, анын ичинде 318и барымтадагылар, анын 186сы балдар. 810 адам жарадар болгон. Барымтадагылар Бесландын тургундары, ФСБнын атайын күчтөрүнүн кызматкерлери, полиция жана аскер кызматкерлери болгон.
Турсун Омуралиева