Болот Алаков атындагы орто мектебинде 5-9 класстар аралыгында англис тили боюнча жумалык өтүлдү.
Жумалыкта ребус жана кроссворддордун конкурсу уюштурулду. Андан сырткары көркөм ыр айтып жана англис тилинде диалог аткарышты.
Жумалыктын мааниси тууралуу англис тили мугалими Нурзат Жакыпбаева төмөндөгүлөргө токтолду:
“Жумалык учурунда окуучуларда кызыгуу пайда болуп аракет кы лып, алдыга жүрүп калышат экен. Эң биринчи эле сүрөт көргөзмөсүн уюштурдук. Окуучулар жакшы аткарып келишип, катышып жатышты. Менин оюмча бул эжумалыкта балдардын англис тилге болгон кызыгуусу ойгонду. Көпчүлүк окуучулардын англис тилге кысыгуусу орто жана айыл жери болгондуктан кошумча сабактар жана материалдарыбыз азыраак болуп жатат. Жумалыктан тышкары класстарда ачык сабактарды өтүп турабыз.”
Сыргажан Батырбекова 9-класстын окуучусу. Ал бүгүн аэропорт кызматкеринин ролун англис тилинде аткарды:
“Биздин сценарий боюнча башка өлкогө барууну чагылдырууну максат койгонбуз, ошол максатыбызга жеттик деп ойлойм.”
Нурбек Догдурбаев жумалык абдан пайдалуу болду деген ойдо:
“Мага абдан жакты. Негизинен ушундай жумалыктар көп болсо. Ар бир окуучу класста отурганда сабакты жакшы түшүнбөйт, ал эми практика жүзундө жакшы түшүнө алышат.”
Англис тили жумалыгы жыл сайын февраль айында болуп турат.
Даярдагандар: Айкерим Эрикова, Талантбек кызы Жаркынай