Асел Алыбаева Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлүп, үй-бүлө куруп, Англиядан чакан бизнес ачып, дүйнө жүзүн кыдырып эс алып келет.
Чоң өзгөрүүлөр Асел “Кумтор” компаниясында эмгектенгенде башталат: “Мен «Кумтор» компаниясында официантка болуп иштечүмүн. Биздин жетекчибиз англичанин Саймон Гранди. Биз бири бирибизди жактырып калып, баш коштук. Менин бир кызым бар болчу. Саймон аны өзүнүн атына жаздырып, Англиянын Манчестер шаарына көчүп кеттик. Мен Кыргызстандан чет жакка биринчи чыгышым болчу”.
Асел жолдошу менен Кыргызстанда бир нече жыл чогуу иштеп бири бирин жакшы таанып, анан баш кошкондорун билдирди. Ал учурда ишкер айым 28 жашта болгон. Жолдошу орус тилин билгендиктен экөө бири бирин түшүнүүдө кыйынчылык болбогондугун, бирок жаңы жерге келип тил үйрөнүү маанилүү экендигин айтты:
“Тил үйрөнүү үчүн супермаркетте иштедим, бир жыл колледжде окудум. Тилди жакшы өздөштүрүп алгандан кийин, жергиликтүү акимиатка “приемная мама” деген жумушка кирдим. Ал үчүн бир жыл тренингдерден окуп даярдандым. Натыйжасында 10 жыл англичандардын балдарын бактым. Бул кесипти “фостеринг” деп коет. Ата-энеси өзү бага албаган, жашоосунан оор кырдаалга туш болгон же абакта отурган адамдардын балдарын карадым. Ал убакытта 20 бала бактым. Алардын кээ бирөөлөрүн башкалар багып алды, кээ бирин ата-энелери алып кетти. Ошентип социалдык сервис менен иштедим. Жумушум өзүмө абдан жагат эле. Көп нерсени үйрөндүм, көптөгөн окуулардан өттүм. Жакшы акча каражат топтой алдым”.
Жаңы жерге келип жаңы жашоону баштаган Аселдин турмушундагы өзгөрүүлөр
“Балдарды багып жүрүп жолдошум экообүздүн жолубуз келишпей, эки жолго түштүк. Мен Саймондон биз жашаган үйдү сатып алдым. Мен ал жерде балдарды карап иштей бердим”.
2015-жылы Асел айым Түштүк Африкага барып иштеп келүүнү чечет. Ал жакта башында бала карап, ыктыярчы болуп, кийинчирээк өзүнүн сулуулук салонун ачат. Бирок ал жакта туруктуулук жок болгондуктан кайра Англияга кайтып келет.
“Мага Лондон шаары абдан жагып, ушул жакта жашоону чечтим. Мен 4 жыл Кейптаунга барып келип жүргүчө үйүмдүн баасы бир топ көтөрүлүптүр. Лондонго келип жумуш таап, үстүнө акча кошуп дагы бир үй алдым. Азыр ошол эки тамды ижарага берип кошумча киреше табам”.
Ижарага берген үйлөрдү Асел ипотекага алган. Аны алыш үчүн бир топ текшертүүлөрдөн өтүп, баардык керектүү документтерди тапшырган:
“Кыргызстанда кандай билбейм, бирок бул жакта ипотеканы бир гана банк эмес ар түрдүү компаниялар берет. Ошондой компаниялардын бири менен келишим түзүп, ипотекага үй алдым. Андан кийин атайын агентство мага кардар таап берет. Мен Аларды үйлөрүмө алып барып, тааныштырып, көргөзүп чакан бизнесимди жүргүзөм”.
Мындай ишкерликти жүргүзүүнүн эрежелери:
1. Салык төлөө керек,
2. Электр энергиясын өз убагында төлөө керек,
3. Сөзсүз медициналык камсыздоо болуусу шарт,
4. Үйдө комфорттуу жашоо үчүн баардык шарттар түзүлүшү керек,
5. Бир жылда бир жолу атайын текшерүүлөрдөн өтүп туруу керек.
Аселдин айтымында Лондон дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бири жана бул жерде жашоо үчүн көп каражат керектелет ошондуктан ал жумушка орношкон:
“Азыр бир үй-бүлөдө жарым күн иштейм. Кызматым администратордун милдетиндей болуп калат. Кардарларымдын балдарын мектепке жеткирем, кызматчыларды: үй-жыйнагыч, эшик тазалагыч ж.б. таап берем. Буюмдар бузулуп калса оңдотом, азык-түлүктү камсыздайм жана башка. Үй ээси өзү профессор математик-физик, жубайы чоң ишкер айым. Алардын эки баласы бар, бирок аларды караганга убакыттары жок, ошондуктан мен жардам берем. Бош убактымда өзүмдүн ишкерчилигиме көңүл бөлөм. Мен Лондондо турам, үйлөр Манчестерде болгондуктан алыстан иштейм. Мисалы: үйгө майда оңдоо иштер керек болсо, телефон чалып керектүү жумушчуларды жөнөтүп коем, акчасын банк аркылуу эле которуп коем. Бул иш абдан жакшы себеби, кыймылсыз мүлктүн баасы түшпөйт, сага дайыма кошумча киреше келип турат”.
Каарманыбыздын айтымында Лондондо комфорттуу жашоо үчүн жумасына 60-70 саат эмгектенүү керек. Ал эми Асел кошумча кирешеси бар болгондуктан, жумасына 3 күн эле иштеп, калган убактысын өзүнө бөлөт:
“Жума күнү жана дем алыш күндөрү бошмун. Ал убакытта тренажердук залга барам, сууга түшөм, йога, пилатес жасайм. Досторум менен жолугуп, парктарга барам. Азыркы учурда бул жакта сүйлөшкөнүм бар, ошол экөөбүз убакыт өткөрөбүз”.
Англияда ишкерликти жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Асель мындай деди: “Англияда бай кедей деген бөлүнүү жок. Адамдын статусуна карбай коомдук жайларда кадимкидей эле катарда турушат, адамдар кымбат же арзан кийингенине карап мамиле кылышпайт. Мыйзамды бузбай иштесең, сага эч ким тийишпейт. Ишкерчилик жүргүзөсүңбү, үйдө отурасыңбы бул жакта дискриминация деген жок. Ар кандай расадагы, ориентациядагы адамдар бар. Сен аларга адардын укугун буза турган сөз айтпашың керек. Ал биздин иш эмес, ал өзү каалагандай жашайт. Баардык адамдар бирдей укуктуу. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн баардык шарттар бар. Алар башкалардай эле болуп клубдарга, кинолорго баардык жактарга барууга баардык шарттар түзүлгөн”.
Бул мамлекетте өзүңдү өнүктүрүү маанилүү жана билбеген нерселер боюнча акылуу консультацияларды алуу керек:
“Азыр баардык эле маалыматты интернеттен тапса болот. Ошол жактан көп карап окуйм, билбеген нерселерим болсо ишкерликке тиешелүү атайын консультация алам. Мамлекеттик сайтта ар түрдүү окуулар болот, алардан өтсө болот”.
Асел айым Англиянын экономикасына өз салымын кошуп келгендиги тууралу мындай деди:
“Экономикага болгон салымым бул эң биринчи кезекте өз убагында салык төлөйм, андан тышкары өз ишим так жүрүү үчүн ар кандай адамдардын кызматына кайрылам, аларга акысын төлөп берем. Театр, ресторандарага барам, ал деле экономикага таасирин тийгизет. Азык-түлүк алып жатам, бул дагы менин салымым деп ойлойм. Андан тышкары дагы бир мамлекетке кошкон салымым бул башка адамдарды үй менен камсыз кылып жатам. Англияда жер тар, үй аз, адамдардын саны көп. Мамлекет эл үчүн жылына 300 миң жаңы там салып бериш керек, бирок алар 100 миңге эле алы жетет. Калганы ошентип ижарага алып жашайт”.
Ишкер айым Англияда 22 жыл ичинде атайы келишимдин негизинде иштегенге көнгөн жана бул жакта мигранттарга кандай мамиле кыларын жөнүндо жакшы билет. Аселдин айтымында алгач жумушчулар менен сөзсүз келишим түзүлөт. Ал жерде канча саат иштейт, кандай кызматтарды аткарат, жумушта өзүңдү кандай алып жүрүшүң керек, эмнени жасоого болот, эмнелерди кылууга болбоору тыкан жазылат. Көбүнчө англичандар өздөрү кара жумушка иштешпейт, жогорку кызматтагы жумуштарда иштейт же болбосо жакшы жашоо издеп башка өлкөлөргө кетип калышат. 20 жыл мурун Англияга Болгария, Польшадан келип жумушчулар иштешчү, алар буттарына туруп, эми Борбор Азиядан жумушчуларды алып келип жатышат. Мисалы, Кыргызстан Тажикстандан күнөсканаларга жумушчуларды алып иштетип жатышкандарын угуп жатканын Асел айтат.
22 жыл мырда Англияга жаңы жашоо баштап жатканда Асел өзүнүн кичинекей кызы Салтанатты ала келген. Кызы чоңойуп быйыл 30 жашка чыккан. Окуусун аяктап, бир топ мамлекеттерде эмгектеип жүргөнүн айтып жана Англияда 30 жашта турмуш куруу эрте деди:
“Бул жакта балдар, кыздар өз жашоосун куруп, дүйнөнү түшүнүп, өздөрүн түшүнүп, саякаттап, жер, эл көрүп, үй алып, туруктуу жумуш таап, анан үй-бүлө курууга барышат. Эркектер 37-40 жашка барганда, аялдар 35тен ашкандан кийин турмуш курушат. Менин кызым азыр кайсы мамлекетте жашаарын чече элек. Бул жакта элдер биринчи өзүнө жашаганга комфорттуу мамлекет, анан аба ырайы, шарттарын карап, анан үй-бүлө курат. Ал эми мен кызымды чоңойттум, иштеп жүрдүм, чакан бизнесим бар, ошондуктан эс алууга көбүрөөк убакыт бөлөм. Саякаттаганды жакшы көрөм”.
Кыргызстанга келип ушундай ишкерлик кыласызбы деген суроого Асел айым Англия абдан туруктуу мамлекет, баардыгы мыйзам чегинде иш кылат. Ошонусу менен жагат, Кыргызстандай тааныш, тартып алыш деген жок. Ошондуктан өз жеринде мындай ишкерликти жүргүзгөндөн кооптонорун айтып, сөзүн жыйынтыктады.
Айгуль Сакеева