Антибиотиктерди туура эмес колдонуу, дарыгердин көрсөтмөсү жок өз алдынча ичүү коркунучтуу. Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева антибиотиктерди туура эмес колдонуу кандай кесепеттерге алып келет, кайсыл учурда пайдалануу керек, кантип туура колдонобуз айтып берет.

Антибиотиктерди туура эмес колдонуу кийинчерээк башка ооруларга туруктуулукту пайда кылат
Ар бир бейтап ооруканага түшкөндө буга чейин кандай чараларды көрдү, эмне дары-дармектерди ичти дегенди аныктап баштаганда алар өз алдынча түрдүү антибиотиктерди ичкенин билебиз. Бизде көпчүлүк адамдар сасык тумоо болобу грипп башталгандабы өз алдынча эле тез айыгабыз деп таблетка түрүндө же ийнесин ала калышат. Мындан улам ал бейтап ооруканага түшкөндө андан дагы күчтүү антибиотик колдонууга шарт түзөт.
Антибиотиктердин өзүнүн классификациясы бар кээ бирин 7 күн ичиш керек болсо, айрымдарын 3күн ичүү керек. Мисалы, кээ бир антибиотиктерди пневмония болуп жатканда 2 жума ичүү сунушталат. Ал эми дарыгердин сунуштамасы жок өз алдынча антибиотиктерди колдонууда 3 кун ичүүчү дарыны бир жума ичип салган болсо бөйрөгүнө, бооруна таасир этет. Ошондуктан башка органдарга зыян тийгизип албоо үчүн эч качан өз алдынча антибиотиктерди колдонууга аракет кылбоо зарыл.
Кайсы учурда антибиотиктерди колдонсо болот?
Оорулар негизинен 2ге бөлүнөт вирустар жана бактериялар тарабынан пайда болгон. Антибиотик болсо бактериялардын пайда болушуна каршы препарат. Андыктан, ОРВИ, сасык тумоо же ковид болуп ооруп калганда дароо эле антибиотик колдонуунун кажети жок. Вирусту антибиотик өлтүрбөйт. Адам өз алдынча вирустук же бактериялык оору менен ооруп жатканын аныктай албайт. Аны дарыгер карап чыккандан киийн гана аныктап, бактериялык оору болгон болсо антиботик жазып берет.
Антибиотик бактерияларды тандабай бардыгын жок кылат. Биздин организмибизде бизге пайдалуу тамак сиңирүүгө, иммунитттети жогорулатууга катышкан бактериялар дагы бар. Ошон үчүн антибиотиктерди туура эмес пайдалануу боор, бөйрөк жан ичеги карындардан сырткары иммуниттеттин төмөндөөсүн, ич өтүү сыяктуу кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн.
Дарыканадан башка жерлерден дары-дармектерди алуу кооптуу
Базарларда жана башка жерлерде туруп алып сатып жаткан дарыларды алууга болбойт. Ал кандай шартта сакталды, кандай жол менен келди дегенди эч ким билбейт. Кокус бир нерсе болсо дагы эч ким ага кепилдик берип мойнуна албайт. Андыктан дарыканалардан гана дары-дармектерди алуу туура. Айрымдар базарларда баасы арзан деп ойлошу мүмкүн бул андай деле эмес.
Айгерим Кубатбекова