Учурдагы Короновируска каршы вакциналар жөнүндө жалган маалыматтар эмдөө процессинде кыйынчылыктарды жаратып жатат.
Азыркы күндө Кочкор районунун Кочкор айылындагы вакцинация жөнүндө Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык тармактардын орун басары Чынара Табылдиева маалымат менен бөлүшүп кетти:
» Биздин район Нарын облусунун аймактарынын арасында вакцина алуу боюнча 3-орунду ээлеп турат. 22-ноябрга статистика боюнча:
«Синофарм» вакцинасын 56,6% алышты,
«Спутник -V»,»КазВак»,»Пфайзер-Бионтек» вакциналары менен бирге 62 % түздү.
Бир жуманын ичинде Кочкор айылынын 6 участкасынан 84 адам вакцина алганга жетишишти. Медицина, Санэпидемиологиялык станциясынан кызматкерлери тарабынан коомчулукка вакциналардын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү жөнүндө маалымат жарыялап, ар кандай иш-чараларды уюштурууда».
Эмдөө боюнча маалыматтар
Кочкор айылынын 1-номериндеги «Келечек» үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмдөө медайымы Мунара Марасулова вакцина алуудагы тоскоолдуктар жөнүндө сөз кылды:
«Өзүңүздөр көргөндөй биздин ҮДТ дарыканасында вакциналардын түрлөрү бар, бирок эмдөөдө бир топ тоскоолдуктар жаралууда. Биринчиден бул вакцина жөнүндөгү мифтер. Канчалык деңгээлде чындык менен далилденген фактылар бар болсо да, вакцинанын коопсуз экендигин көрсөткөндө дагы, адамдар ишенишпей жүрүшөт. Кээде мындай чечим кеңири таралган уламыштарга негизделет. Ушул сыяктуу мифтер коронавируска каршы эмдөөгө терс таасирин тийгизүүдө.
Экинчи тоскоолдук кылып жаткан бул ар түрдүү социалдык топтор, аларга үйдө жумушсуз отурган үй кожойкелер жана кээ бир диний топтор. Алар ковид оорусуна каршы вакциналар боюнча маалымат алуудан баш тартышкан жана эмдөөдөн өтпөй жатышат.
Үчүнчү тоскоолдук бул 60-70 курактагы адамдардын тобу, алар вакцинанын ийгилигине ишенбейм дегендер жана өзүнүн ден соолугуна кайдыгер каргандар, ошолордун арасында өзүнүн өмүрүнө тынчсыздануу менен жүргөндөр көп».
Нурия Карымбаева