Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг өтүлдү. Катышуучуларга медиа маалыматтык сабаттуулук, фейк маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү, кыска жаңылык жазуу боюнча маалыматтар берилип, мастер каласстар өткөрүлдү. Тренинг практикалык иштер менен коштолуп, катышуучулар атайын темалар боюнча макала жазууга жана социалдык тармактарда медиа борборлордун баракчаларын ачууга жетишишти.
Бул тренингди «Усупбекстан» ЖМБнын координатору Акылай Алмазбекова жана жаш кабарчылар алып барды. Семинар-тренингге Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, усулчу Сабира Сыдыкбаева, усулчу Роза Томотоева жана райондук мектептерден агай-эжейлер жана окуучулар катышышты.
Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна
“Бүгүнкү тренинг катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Ар бир медиа өзүнүн ишин кантип баштоо керектиги тууралуу маалымат алышты. Бул тренингден алган тажрыйбаларын ар бир мектеп өрөөнүнө жайылтуу керек экендигин белгилейм. Ар бир медиа борбор мектеп ичиндеги жаңылыктарды чагылдырып турса, мектеп менен коомчулуктун байланышы чыңдалып жакшы натыйжа берет деп ойлойм”,- деди Гүлбарчын Исакова.
Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Сыдыкбаева Сабира Жумалиевна
Сыдыкбаева Сабира Жумалиевна: “Бүгүнкү семинар абдан пайдалуу жана маанилүү болду. Анткени сайтка макала жайгаштырууну ар бир адам биле бербейт. Сайтка канча сүрөт, тексттин мазмуну кандай болушу керектигин абдан жакшы түшүндүрүп жатасыздар. Катышуучулар маанилүү керектүү маалыматтарга ээ болуп жатабыз”.
Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Роза Томотоева
Роза Томотоева: “Бүгүнкү семинар абдан жакшы уюштурулган. Анткени медиа борборлорду түзүүнү көпчүлүк биле бербейт. Сиздердин медиа борборлорду түзүүнү жайылтуу боюнча иш-аракеттериңиздер мактоого татырлык.”
Семинардын катышуучулары практикалык иштерди аткарып жаткан учур
Семинардын жүрүшүндөгү кызуу талкуулоолор
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин окуучусу Бактияр Кубанычбек уулу
Бактияр Кубанычбек уулу: “Биз бүгүн макала жазганды, интервью алууну үйрөнө алдык. Мага практикалык иштер абдан кызыктуу болду.”
Достук орто мектебинин окуучусу Амина Уркумбаева
Амина Уркумбаева: “Бул семинар мага аябай пайдалуу болду. Макала жазуунун эрежелерин, журналисттин өзүн өзү алып жүрүүсүн биле алдым. Буюрса алган билимдеримди мындан ары колдонуп, жаңылыктарды чыгарып турабыз”.
Садыкказы Мамбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Кытапова Жазгүл
Жазгүл Кытапова: “Мага бүгүнкү семинар жакшы жетишкендиктерге жетели. Себеби, мен буга чейин да көптөгөн семинарларга барчумун, бирок, сүйлөгөндө бир аз тартына берчүмүн. Ал эми бүгүн менде эмнегедир андай сезим болгон жок. Баары түшүнүктүү болду. Мага интервью алган жакты жана өзүм интервью берүүдө эмнелерге көңүл буруу керектигин биле алдым.”
Семинардын жалпы катышуучулары
Акбермет Руслан кызы