Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан. Айыл тургундары көпчүлүк жумушту райондон бүтуруп келүүлөрүнө туура келет. Айрым гана элдер өздөрүнүн унаалары менен барбаса, көпчүлүгү айылдык таксилер менен барышат. Бүгүнкү күндө таксилер санитардык абалдарды сакташууда жана жүргүнчүлөрдөн да ошолорду талап кылышат.
Азыркы убакта пандемия күнүмдүк жумуш менен оокат кылып жаткан адамдарга тоскоолдук жаратып жаткан учуру. Ошондой эле айдоочуларга дагы кандай кыйынчылык жаратканын, күйүүчү майлардын кымбатташы, жол киренин дагы кымбатташы тууралуу Төлөк айылынын айдоочусу Таалайбек Өзүбеков менен маектешкенибизде ал төмөнкүлөрдү билдирди:
«Карантин жаңы башталганда кичине кыйналганбыз. Айдоочулук кылуудан дагы коркуп жаттык. Оорунун алдын алуу боюнча ошол мезгилде да айылдын кире беришине пост коюлуп, айылдан атайын бир гана таксист шайланып, ага төрт гана адам айыл өкмөттүн уруксаты менен районго барып турганбыз. Төрт адам көпчүлүктүн бир аз жумуштарын бүтүрө келишчү. Мисалы, азык-түлүгүн алып келип кредиттерин төгө келишчү. Ал эми азыр болсо районго тынымсыз эле каттап калдык. Барган сайын күйүүчү май кымбаттап баратканына байланыштуу, биз дагы жол кирени бир аз көтөрүүгө туура келип жатат.
Жүргүнчү Динара Алымкулова жол киренин кымбатташы тууралуу өз оюн билдирди:
«Азыр оору күчөгөнүнө байланыштуу бардык нерсе кымбаттап жатат. Ошону менен бирге жол кире да кымбаттап турат. Жол киренин кымбаттаганына деле нааразычылык жок, анткени кырдаалды түшүнүп жатабыз, майдын кымбаттаганына байланыштуу жол кире дагы кымбаттады деп ойлойм.»
Алмазбек Сманов тынымсыз районго каттап турат:
«Пандемия учурунда деле айыл тургундары районго тынымсыз каттоодо. Менин оюмча жол киренин кымбатташы айыл тургундары үчүн чоң маселени жараткан жок. Себеби, күнүнө эртең менен айылдан 5,6 такси районго барат. Жургүнчүлөрдүн жумуштары бүткөнчө күтүп турабыз. Кээ бир күндөрү айылдан шаарга дагы каттаган күндөр болот.»
Мадина Чыңгыз кызы