Медиадагы гендердик-этикалык кодекс Бишкекте өткөрүлгөн аймактык медиа форумда кабыл алынды. Ал “ММКны колдоо борбору” фонду, БУУнун Аялдар Түзүмүнүн колдоосунда “Теңдик нуру” аталышындагы долбоордун алкагында жүзөгө ашты.

Медиадагы гендердик-этикалык кодекс кабыл алынды
Медиадагы гендерик оптика форумуна БУУнун Аялдар Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран катышып, алдыда медиа тармагында жаңы өзгөрүүлөр боло тургандыгына өз үмүтүн билдирди.
“Метафора түрүндө айтсам, токойдо абдан чоң жана бекем жол салынды. Андай жол буга чейин болгон эмес эле. Ошондуктан, бул жол абдан көп колдонулат. Ал аркылуу максатка барышат, чуркашат, басышат…Эң негизгиси, алар кайда барарын билишет. Бул эмгек үчүн сиздерге чоң рахмат”.
Долбоор алкагында Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы медиа кызматкерлер 5 ай бою гендердик-сезимтал журналистика боюнча окутуудан өтүшкөн.

Сүрөттө солдо: Мырзайым Жаныбек кызы
“Ошол окутуулардын алкагында биздин кесиптештер кодексти иштеп чыгышты. Иш процессинде абдан көп талкуулар жүрүп, сунуштар айтылды. Түзөтүүлөр киргизилди. Ошондой чоң талкууну басып өтүп, гендердик кодекс иштелип чыкты”, -дейт гендердик- сезимтал журналистика боюнча тренер Мырзайым Жаныбек кызы.
Кодексти иштеп чыгуу процессинде бардык гендердик өзүн өзү баалоо окутуусуна катышкан адамдардын эмгеги болуп эсептелинет дейт «ММК колдоо борбору » фондунун программалык адиси Кундуз Жекшен кызы.

Кундуз Жекшен кызы
“Ал жакта журналисттер, оператор-монтажерлор, редакторлор, тренерлер, директорлор, министрликтин өкүлдөрү, медиа уюмдардын юристтери катышты”.
Медиалар үчүн гендердик-этикалык кодекс 10 беренеден турат жана алар медиадагы менеджмент жана контентке тийиштүү. Аталган кодексти кабыл алган медиа уюмдар өз контентинде жана редакциялык саясатында гендердик теңдикке умтулууга, гендердик стереотиптер менен күрөшүүгө милдеттенет. Кодекс КРнын Конституциясына жана мыйзамдарына, өлкө кабыл алган эл аралык документтерге жана Кыргызстандагы журналисттердин этикалык кодексине негизделген.

Медиалар үчүн гендердик-этикалык кодекс
Менеджмент бөлүгүндө медиа уюм кадрдык саясатында дискриминацияга жол бербөө, бирдей эмгек шарттарын, эмгек акы берүү, сексуалдык ыдык, харассмент ж.б алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чара көрүү жана гендердик маалымдуулугун жогорулатууга боюнча пункттар каралган.
Ал эми контент тууралуу көбүнесе материалды даярдоодо стереотиптерге, дискриминацияга жол бербөө, кастык тилин колдонбоо, зордук зомбулук темасын чагылдырганда гендердик сезимтал журналистиканын принциптери менен жасоо зарылдыгы бекитилген.
“Коомдун пикирин калыптандырууда журналистиканын ролу зор. Ал эми коомдо зордук-зомбулук, гендердик дискриминацияны азайтуу максатында журналисттер жана медиа кызматкерлер узак мөөнөттүү окутуудан өтүштү. Анын жыйынтыгында гендердик сезимтал журналистикага умтулуу жөнүндө макулдашуу жана медиалар үчүн гендердик-этикалык кодекс аталышындагы эки документ кабыл алынды”, — дейт Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибраимов.

Долбоор алкагында Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы медиа кызматкерлер 5 ай бою гендердик-сезимтал журналистика боюнча окутуудан өтүшкөн
Кыргызстанда журналисттердин этикалык кодекси дагы бар. Анын 6-беренесинде башка белгилер менен катар гендердик кастыкты пропагандалоого жол берилбестиги айтылып өткөн. Бирок, гендер – бул абдан сезимтал жана көп маселелерди камтыган тармак болгондуктан, өзүнчө кодексти иштеп чыгуу зарылчылыгы бар дейт иштеп чыгуучулар.
“Бул кодекс медиалардагы гендердик теңчиликти сактоого негизделген биринчи кодекс болуп саналат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында буга чейин гендердик теңчиликти сактоо байланыштуу пункттар же беренелер жок болчу. Кодексте ошол медиа борборлордо иштеп жаткан кызматкерлердин, жамааттардын иштөө тартибинен тарта алардын эс алуусуна чейин тең мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керектиги эске алынды”, — деди «Тун-Ук» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гүлбарчын Мамытбекова.
Медиа уюмдардын башкаруучулары “медиалар үчүн гендердик-этикалык кодексти” ишке ашырууга милдеттенмелерди алышты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын мүчөсү Санжар Эралиев аталган кодекс кыргыз журналистикасында өз убагында сунушталган жана кабыл алынган кодекс болду деген оюн билдирди.

Санжар Эралиев
“Гендердик сезимтал журналистиканын эрежелери көп бузулган учурлар күбө болуп жүрөбүз. Айрым учурда журналисттер өздөрү билбей эле аялдардын укугун тебелеген, гендердик теңчиликти бузган тексттер, сүйлөмдөрдү колдонгон учурлар кездешет”.
Кол койгон редакциялар биринчилерден болуп кодексти кабыл алышты. Ал эми биздин үмүтүбүздө баардык редакциялар ушул жолго түшөт деген жакшы ойлорубуз бар дейт Кундуз Жекшен кызы.
“Биздин жыйынтыктоочу форумубузга окутуунун бүтүрүчүүлөөрүнөн башка алдыңкы медиалардан да келишкен. Алар да кызыгып кодексти жана келишимди сурашкан. Кодекс жана макулдашуу жалпыга жеткиликтүү жана биз гендердик сезимтал журналистикага умтулган бардык редакцияларды кабыл алууга чакырабыз”.
Касиет Кубанычбек кызы, Айгерим Кубатбекова