Кызыл Туу айыл аймагынын жетекчиси тарабынан ар бир айылга сарамжалдуу сырткы шамдар бекер орнотулуп, айыл тургундарынын купулуна толду.
Монтаждык топтун айтымында бул шам чырактар абдан сарамжалдуу. Эгер үйдөгү бир шам 100 ватт болсо, бул шам болгону 50 ватт энергияны сарамжалдайт. Андан тышкары, алардын сырткы дизайны менен сапаты бардык талаптарга жооп берет. Колдонуу убактысы да узакка жетет.
Замир Нурманбетов айтымында, бул шамдар буюрса электр энергиясын 30-40 пайызга үнөмдөй алат жана айыл өкмөтүнүн капчыгына бир кыйла жеңил болот.
Айта кетчү нерсе, Кызыл Туу айылдык аймагына жети айыл караштуу жана ар бир айылдын борбордук көчөлөрү кечкисин жарык болуп турат.
Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бул жасалган иш жакшы кадамдардын бири деп ишенебиз.
Даярдагандар: Аяна Орозбекова, Эркеайым Осконова