Кандай гана оору болбосун алгач онкологиялык оорулар бар же жок экенин аныктап алуу зарыл. Анткени белгилер башка ооруларга окшошуп бирок, онкологиялык оорулар болуп калуусу мумкун. Ошондой эле рак оорулары жашарды. 30 жашка чейинки жаштагылар арасында көбөйүүдө. Бул тууралуу кененирээк Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун онкология жана нур менен дарылоо кафедрасынын окутуучусу, онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов айтып берет.
Ооруга чалдыккандардын өлкө боюнча статистикасы кандай болуп жатат?
— Жалпысынан алып караганда акыркы жылдарда жылына 5300-5400 адам катталат. Бул жерде аял менен эркекти өзүнчө айтып кетсе болот. Анткени эркектердик 1-орунда ашказан рагы, 2-орунда өпкөнүн рагы, 3-орунда боордун, простата безинин, жоон ичегинин рагы турат. Аялдардыкы болсо, эң оорчунду болуп көкүрөк безинин рагы турат андан кийин жатын моюнчасынын рагы, ашказан жана өпкө болуп кетет. Негизи эле дүйнө жүзүндө дагы аялдар арасында көкүрөк рагына чалдыккандар көп кездешип жатат. Бирок, бизде олуттуу болуп жатканын себеби оорунун оор түрдө өтүшүп кеткен 3-4-даражадагы оорулуулар көп болуп жатканында. Жарандар оору күчөп, оор түрүнө өтүп кетмейинче убагында келип текшерилип, дарыланбагандан улам ушундай болуп жатат.
Онкологиялык оорулардын белгилер кандай, кандай белгилер менен коштолот?
— Оорунун белгилери рак кайсыл жерде болгонуна жараша дагы өзгөрөт. Ошентсе дагы жалпысынан алып караганда алсыроо, алдан тайуу, сырткы көрсөткүчтөрдө болсо териде же көкүрөктө катуу шишиктин пайда болушу.
Оорунун жашаруусу, пайда болуусун кайсы факторлор шарттайт?
— Биз күнүмдүк жеген тамак-аш ракты чакырышы мүмкүн. Анткени, учурда жеп жаткан тамак аштар натуралдуу эмес, кошулмалары көп. Ошондой эле аз кыймылдуулук, туура эмес тамактануу, ашыкча салмак, экологиялык дагы таасир бар. Ооруну алдына алуу үчүн 40 жаштан өткөндөн кийин жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруусу зарыл.
Айгерим Кубатбекова