Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Нооруз майрамына карата бир катар спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага аталган айыл тургундары катышкандыгын айылдын башчысы Адилет Жумалиев билдирди.
«21-март күнү Нооруз майрамына карата ар кандай спорттук мелдештер уюштурулган. Анда эркектер жана айымдар арасында волейбол, тургундар арасында ордо оюну, балдар арасында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Күрөш боюнча мелдешти 1990-жылы туулган классташтар Алтынбек уулу Өмүрбектин элесине арналган мелдеш болду. Анда айылдын балдары катышып, алдыңкылары сыйлыктар менен сыйланышты.
Волейбол боюнча ар бир көчөдөн командалар чыгышкан
Айымдардын волейбол оюну
Ордо оюну кызыктуу өттү
Ошол эле учурда облустан тышкаркы мелдештерге катышып, ийгилик жараткан 4 окуучуга айыл өкмөт тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
Күрөш боюнча мелдеш Алтынбек уулу Өмүрбектин элесине арналган
Күрөшкө катышкан балдар
Андан тышкары волейбол, ордо оюнундагы жеңүүчүлөр аныкталып, чакан белектер менен сыйланышты.»
Жеңүүчүлөрдүн бардыгы чакан белектер менен сыйланышты
Асел Үркүнбаева