Коронавирус пандемиясы дүйнөнү каптап, оорунун шарттарына ылайык ар бир адам бет кап тагынып жүрүүсү талап кылынган. Бирок адамдар колдонулган бет каптарды таштанды катары туура, кайра иштетүүгө ылайыктап ыргытпагандыктан дүйнөдө бет кап таштандылары кескин көбөйгөн.
Мисалга алсак, 2019-жылы бир жолу колдонулуучу медициналык бет каптын дүйнөлүк сатылышы 800 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 166 миллиард долларга көтөрүлгөн.
Мурун пластикалык таштандылар планетага зыянын алып келсе, азыркы учурда бет кап таштандылары 2 эсеге көбөйгөн.
Бет каптар жер бетинде же топурак астында да 500 жылга чейин чирибегендиктен, аларды кайра иштетүүгө жиберип туруу керек экендигин химик Айнур Малабаева өз сөзүндө билдирди.
Айнур Малабаева «Эко-Мед» ийриминин окуучулары менен
Айнур Малабаева мектепте «Эко-Мед» ийримин жетектеп келет. Ийримде окуучулар медицина жана экология багытында билим алышат. Адамдарда экологиялык маданияттты калыптандыруу максатында атайын семинар-тренингдерди өтүп келишет. Ийрим жетекчиси учурдагы таштанды көйгөйү боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
«Азыркы учурда экологиялык маселелер абдан курч турган мезгил экендиги бардыгыбызга маалым. Күндөн күнгө өсүп жаткан химиялык өнөр жайлары, өндүрүштүн, завод, фабрикалардын өсүп жатышы, абаны булгаганы, климаттын өзгөрүүсү, таштандылардын көбөйүүсү бизге чоң залакасын тийгизүүдө. Бирок адамдардын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүш бары бир иштеши керек. Ал эми чыгарылган буюмдардын таштанды катары көбөйүүсүн токтотуу үчүн, аларды кайра иштетүүгө тууралап жиберип туруу ар бир адамдын милдети.
Мисалга алсак, катуу пластикалык буюмдар ажырап, чирип жоголушуна кеминде 400 жылдай убакыт кетет. Дүйнө жүзүндө жыл сайын 380 млн тонна полиэтилен баштыктары өндүрүлөт. 500 млн баштыгы жыл сайын колдонулат. Бул минутасына 1 млн баштык колдонулат дегенге барабар.
Айрым буюмдардын чирип, жоголушуна болжолдуу канча убакыт талап кылынат?
Бет каптар негизинен спанбонд деп аталган химиялык пластикалык заттан жасалат. Демек, анын да жерде чирүү мөөнөтү абдан узак.
Колдонулган бет кап андагы оорунун вирусу болуусу менен абдан коркунучтуу. Ошондуктан масканы таштоодо атайын эрежелер бар:
Ачык ташталган бет капты ит же мышыктар сүйрөп, жыттап андан кайра адамдарга жаман оорулар жугушу мүмкүн же болбосо жаныбарлар ар түрдүү ооруларга кабылышы мүмкүн.
Чон шаарларда, айтайын медициналык ишканаларда колдонулган бет каптарды чогултуу иштери жүргүзүлөт. Алар өз убагында кайра иштетүүгө жиберилип турат.
Ал эми эң сонун жолу өзүбүз бет кап тигип алуубуз. Ал үчүн марлини 16-32 кабат кылып тигүү керек. Колдонгондон кийин аны кайнатып, үтүктөп колдонуу менен биз көп ирээт колдоно алабыз. Мындай жол менен, бет кап таштандысын бир топ санда азайтууга мүмкүн!»
Айыл ичинде ар кай жерлерде ыргытылган таштандылар
Жаратылышты сактап калуу жана адамдарда экологиялык маданиятты калыптандыруу максатында Оттук айылында мектеп окуучулары таштандылар менен күрөшүп келишүүдө. Жаз асты менен алар кар алдында калган таштандыларды чогултуп, айына 1 же 2 жолу ишембиликке чыгып турушары маалым.
Окуучулар ишембиликте
Ыргытылган таштандыларды айылдагы иттер, мышыктар, уйлар да аралап, адамдарга коркунуч алып келишет
Алардын айтуусу боюнча мурунку жылдарга салыштырмалуу, быйыл 2022-жылы таштанды 2 эсе көбөйгөн. Айыл ичинде сурамжылоо жүргүзгөндө айыл тургундарынын арасында таштандыларды кайра иштетүүгө тууралап ташташса, айрымдары бөлүп таштоонун кажети жок деп эсептешкен.
Айыл ичиндеги таштандыларды окуучулар кайра иштетүүгө багыттап чогултушкан
Окуучулар ишембиликтерди өткөрүү менен айылдын 60-65% таштандыларын тазалашкан.
65% таштандынын: 19% бет каптар, 17% пластикалык бөтөлкөлөр, 10% целлофан баштыктар, 8% айнек бөтөлкөлөр, жана 6% ж.б. таштандылар кирет.
Чогулган таштандыларды окуучулар Нарын шаарына кайра иштетүүгө кетиришет. Ал эми таштандыдан түшкөн акчаны спорт залдын курулушуна чогултуп келишет.
Акылай Алмазбекова, Куткелди Жаныбеков