Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде 151 окуучуга 23 мугалим билим-тарбия берет. Мектепте дээрлик бардык мугалимдер ноутбуктар менен камсыз болгон.
Өткөн окуу жылынын акыркы чейрегинде башталган аралыктан окутуу мугалимдер үчүн, ата-энелер үчүн дагы кыйынчылыктар менен коштолду. Анткени, мындай окутууну ишке ашыруу мындай турсун, түшкө кирген эмес дейт аталган мектептин директору Эмилбек уулу Сүйүнбек.
“Бирок мугалимдердин чыгармачылык менен ишке болгон жоопкерчилигинин натыйжасында ишти тез эле алып кетишти. Интернеттеги ZOOM, Google, WhatsApp тиркемелеринде сабак өтүү, социалдык медиадагы сабак өтүүнүн ар кандай ыкмалар менен сабак өтүүгө жетиштик. Албетте кемчиликтер болбой койгон жок”,-дейт.
Бирок аралыктан окутуу үчүн айыл жергесинде бардык үй-бүлөнүн социалдык абалы туура келбейт. Телесабактарды көрүүгө телевизор же 3-4 окуучуга бир телефон болуп калышы мүмкүн. Андай шарттагы окуучуларга убактылуу колдонуу үчүн телевизорлор берилди. Окуучуларга симкарталар бекер таратып, айрым муктаж окуучуларга бирдик жүктөп беришерин кошумчалады директор.
Мугалимдер окуучуларды аралыктан окутуу менен бирге эле өздөрү дагы видеосабак өтүүнүн ыкмалары, аны тартуу жана үн кошуу, окутуунун эффективдүүлүгү боюнча ар кандай онлайн курстардан өтүп жатышат.
Барчын Мамытбекова